«Мекеним,
Сени жандай сүйөм» — деген,
«Мекеним,
Сага аябай күйөм» — деген.
«Мекеним,
Сени унутпай жүрөм» — деген,
Сөздөрдүн далайларын угуп келем.
Айтаарын бул сөздөрдү айтып алып,
Жүрүшөт шаан-шөкөттүн күүсүн чалып.
Мекенди сүйүү деген алар үчүн
Сезилет оңой болуп ушунчалык.
Алардай сүйөм дебейм Мекенимди,
Мендеги ак сүйүүдөн ушул белги:
Колуман келе турган ишти аткарып,
Ар убак төгө берем маңдай терди.