Тууган эл жөнүндө толгоо – Т. Байзаков


Менден жашы кичүүлөр,
Менден жашы улуулар,
Киндик кескен ушул жер-
Баарыбызды сулуулар.

Арманын айтып бүтпөгөн,
Аталар өткөн жер дечи.
Ойлосоң жүрөк түтпөгөн
Апанын мында мүрзөсү.

Келиндин кыйбас төркүнү,
Жигиттин туулган жергеси –
Тагдыр үчүн күн-түнү
Күрөштө өскөн эр дечи!

Гүлүңө окшоп кырдагы
Кыздарың бар көрк үчүн.
Аскаңа окшоп бүт баары
Уландар туулган эрк үчүн.

Уялап алган көңүлгө
Урматың артык өмүрдөн.
Үйрөнгөн жанбыз жеңүүгө,
Уулум деп сүйбө, жеңилсем.

Жапырбас бирөө дит чыдап,
Шүүдүрүм мончок чөбүңдү.
Досумдай сени кучактап,
Шаттыкка бөлөйм көңүлдү.

Баркыңды кантип сүйбөйлү,
Балындай татыйт сууң да.
Кадырың кантип билбейли,
Каныбыз бар го тууңда!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 × один =