Илгери Өмүрзак аттуу кан казынасын уурдатып элине мындай деп жар салат:
«Ууруну ким таба турган болсо малымдын теңин берем, таппасаңар баарыңарды күнөөгө тартам». Элдин айласы кетип, кандын каарынан коркуп, «Алымкултүшчү деген киши таап берет» деп бир кишини көрсөтүшөт. Алымкул айылдан алыс үй тиктирип, таап бермекке кырк күн убакыт алды. Кан кырк күнгө чейин кырк кой союп, Алымкулду бакмак болду. Алымкул: «Баары бир кан өлтүрөт, андан көрө кырк күнүм бүткөнгө чейин койду союп жеп жыргап жата берейин» деп, кырк өрүк алып баштыкка салды. Бир күн өткөндө бир өрүктөн жеп коюп, кырк күндү эсептеп жата берди.
Кандын казынасын алган кырк ууру экен. Кырк УУРУ: «Кан казынамды
уурдаган ууруну таптырам» деп, түшчү Алымкулга үй тиктирип койду. «Алымкул эмне түш көрүп жаткан экен, бирибиз аңдып келели» деп, бир уурусун жиберди.
Ууру келип, үйдүн артынан тыңшап турду. Алымкул түн киргенде жатмакчы
болуп баягы өрүктүн бирин алып туруп: «Кырк элең бирөөң келдиң деп, жеп
жатып алды. Үйдүн артында тыңшап турган ууру Алымкулдун сөзүн угуп, коркуп кетти. Ал ууру жолдошторуна барып «кокуй биздин өлөрүбүз калыптыр, мен барсам: «Кырк элең, бирөөң келдиң» деп, жатып алды» деди. Эртеси дагы бир ууруну тыңшоого жиберди. Алымкул уурунун тыңшаганын кайдан билсин: «Эки күнүм бүтүп кетти» деп коркуп, өрүктүн бирин алып туруп «Кырк элең экөөң келдиң» деп экинчисин жеди.
Ууру: «Келгенимди билип койду» деп, жолдошторуна айтты. Үчүнчү күнү
уурулар бир чолок уурусун жиберди. Алымкул жатарында өрүгүнөн бирди алса, курт жеген өрүк колуна тийиптир: «Кырк элең, үчөөң келдиң, келгенде да, майрыгың келдиң» деди. Эшикте турган чолок ууру коркуп: «Билерин деги билип алыптыр, мен качканымда деле кармабайбы, баары бир канга айтып өлтүртөт, андан көрө өзүм айтайын» деп, салам айтып кирип келди. Алымкул сыр билгизбей, «келгин» деди. Ууру: «Түшчү аке, менин эмне келгенимди билип тургандырсыз?» деди. Алымкул: «Билип турам, билбегенде анан» деди.
Чолок ууру: «Кандын казынасын биз уурдаган элек, мурунку күндөрдө экөө
келгенде ал экөөн билип койдуңуз, бүгүн мен келдим эле, мени дагы билип:
«Кырк элең үчөөң келдиң, келгенде дагы майрыгың келдиң» дедиңиз. Эми
бизден эмне алсаңыз дагы канга бизди айта көрбөңүз, жаныбызды алып
калыңыз, уурдаган буюмдарды жардын түбүнө көмгөнбүз, эчтекесин
коротконубуз жок» деди.
Алымкул ичинен сүйүнүп: «Ээ, болуптур, балдар, бүгүн келбесеңер, эртең
канга айтмакчы элем, келгениңер жакшы болду. Силерди мен сактап калайын, бирок, экинчи бул кандын казынасынан жана айлынан бир жапырык чамынды дагы уурдабагыла, кандын казынасынан уурдаган буюмга кол тийгизбестен, өзүңөр суунун ары жагына өтүп, бул элден кеткиле. Эгер экинчи жолу айылдан чычкак улак жоголсо дагы силерди башыңарды канга кармап берем» деди.
Ууру сүйүнгөн бойдон жолдошторуна барып, түнү менен кырк ууру башка
жакка качып кетишти. Экинчи бул айылдан ууру кылбаска ант беришти.
Алымкул: «Өлүмдөн калдым» деп, уурулар оңой жерден табылганына сүйүндү.
Кырк күнгө чейин кандын коюн жеп, чайын ичип жата берди. Кырк күн бүткөндө эрте туруп канга салам айтып кирип келди: «Каным, казынаңыз бүт бойдон жардын түбүндө жатат, барып каздырып алыңыз. Казынаңызды кырк ууру уурдаган экен. Алар суудан өтө качышты. Эми табалбайсыз. Бирок мындан кийин айлыңыздын чычкан улагын да ууру албайт» деди.
Кан жардын түбүнөн дүнүйөсүн каздырып ташытып алды. Алымкулга
убадасы менен малынын теңин бөлүп берди. Арадан көп күн өтпөй жылкычылар бир бээ жок дешип келди. Кан Алымкул түшчүгө айтты. Алымкул түш көрөм деп жатты. Ошол мезгилде бир жылкычы бээнин суу жээгинде кулундаганын түшчүгө айтып келди. Эртеси Алымкул канга: «Каным, бээңиз бооз экен, сууга жылкыларды сугарганы барганда ичинде жүргөн экен, суунун боюнда кулундап калса керек» деди. Кан жылкычысын сууга жиберсе бээси суунун боюнда кулунун ээрчитип жүргөн экен.
Эки-үч күндөн кийин кан ойлонуп олтуруп, Алымкулду сынамакчы болду. Топ
чымындарды кармайын деп эки жолу колун жумду эле, чымын эки ирет да учуп кетти. Үчүнчү жолу кармап алып, Алымкулга алып келди да, «Алымкул, менин колумда эмне бар? Эгер тапкыч болсоң тапчы? деди. Алымкул эми чындап өлгөн экенмин, деп коркуп, өзүнүн абалын түшүндүрүп канга кыскача мындай деди:
«Биринчи жолу кутулду, экинчи жолу кутулду, байкуш чымын жан үчүнчү жолу тутулду» деди. Кан колумдагы чымынды айткан экен деп ойлоп калды. Алымкул түшчү айткан сөзүнүн дал келгенине сүйүндү. Кан Алымкулду «Чын олуя экен» деп, таң калды.
Бир күнү кан Алымкулду ээрчитип мончого келди. Алымкул канткенде кандан кутуларын билбей амал ойлоду. Бир убакта кан суу көтөрүп келе жатканда Алымкул жинди болумуш болуп, канды жетелеген бойдон кышкы суукта эшикке алып чыкты. Чыгып келе жатканда кандын башы мончонун босогосуна катуу тийди. Эскилиги жетип араң турган мончонун төбөсү оюлуп жерге күр дей түштү.
Кан эшикке чыгып «Бали Алымкулум, сен болбосоң, мончо мени басып калмакчы экен да, сен төбөсү түшөөрүн билип, эшикке алып чыккан экенсиң го» деди. Анда Алымкул: Мен ошону билип, сизди майып болуп калбасын деп, алып чыкпадымбы» деди. Кан ыраазы болуп: «Бир ажалдан алып калдың, эми башың азат» деп, Алымкулду бошотуптур. Алымкул айла менен кандан кутулганына сүйүнүп, өз оокатын өзү кылып туруп калган экен.
АЛЫМКУЛ ТҮШЧҮ
Датасы: 13.01.2022