АЛТЫН БАЛЫК


Илгери бир чоң шаар болуп, анын Бекжан аттуу каны болуптур.
Шаардын четинен бир чоң дарыя өтчү экен. Дарыянын жээгинде Ысмайыл
аттуу жалгыз уулу бар бир кемпир-чал жашап, жалаң балык кармоо менен
тиричилик кылчу экен. Чал бир күнү дарыяга тор салып, торун тартса
тартылбайт. Күчкө салып жатып тартып алып караса, торуна алтын балык түшүп калыптыр. «Бул балыкты мен өзүм эле чыгарып алып койсом, кан мени соо койбойт, ханга кабар кылайын» деп ордону көздөй жүгүрдү
Ушул мезгилде Ысмайыл атамдын торунан бир кабар алып өтөйүн деп, дарыя
бойлоп торго келет. Торду тартып караса, алтын балык түшүп калыптыр. «Ээ,
жаныбар, атам көп балыктын убалына калды эле, сен, жаныбар, кутулуп кетчи» деп алтын балыкты бошотуп сууга кое берди да, бир чоң ташты торго салып, коюп, үйүнө жөнөдү. Ушул мезгилде чал канга барып: «Каным, менин торума жөн балык түшпөстөн, алтын балык түшүп калыптыр, сизди чыгарып алсын деп келдим» деп кабар айтат. Хан: «Болуптур» деп он чакты жигити менен алтын балыкты чыгарып келмек болуп, чалды ээрчитип дарыяга жөнөдү. Дарыяга жетип, торду тартып караса, балык эмес эле, таш болуп чыкты. Кандын каары келип: «Ээ, акмак чал, сен кимди алдамакчысың, ташты алтын балык деп канды убара кылганды сага ким койду бар, үйүңө бара бергин, эртең үй-бүлөөң менен даргага асып өлтүрөмүн» деп, жигиттерин ээрчитип ордосуна кете бериптир.
Чал үйүнө келип, кемпири менен уулуна: «Бизди кан даргага асып өлтүрмөк
болду. Кудай мени урганда тордогу ташты «алтын балык» деп ханды алдап
коюптурмун» деди. Анда кемпири: «Өлсөк да биз өлөлүк, көрөрүбүздү көрүп,
ичерибизди ичкенбиз, балам, сен качып кутулгун» деп баласынын белине эки нан түйүп берди. Байкуш кемпир канетсин, ыйлап-сыктап: «Балам жолго чыкканда ар кандай адамга кез болосуң, жолуккан адамың мейли чоң болсун, мейли кичине болсун оокаттанып алалы деп белиңдеги нандын бирин чоң, бирин кичине сындырып алдына кой. Жанагы жолдошуң чоң сыныгын өзү алып, кичине сыныгын сага калтырса, бул киши менен жолдош болбогун. Эгер кичинесин алып, чоң сыныгын сага калтырса, аны менен жолдош болгун.
Экинчи бир айтарым: Жолдо жолуккан киши менен бара жатып, чынбы,
жалганбы, «мен бошонуп алайын» деп жолдон чыгып отургун. Эгерде сен
турганга чейин күтүп токтоп турса, аны менен жолдош болгун. Эгер күтпөсө,
жолдош болбо» деп, баласына акыл-насаат айтып коштошуп, жолго чыгарып
коюп кала берди. Ысмайыл бет алган жакка кете берди.
Кан өкүмүн бузуп, чал-кемпирди даргага тартпай бошотуп жиберет. Чал
кемпир Ысмайылды издеп таппай калышты. Ысмайыл кетип баратса, артынан бир топ киши келип кошулат. Бала баардыгын сынап көрдү, бирок, энеси айткан кишини таба албады. Жүрүп отуруп, башка бир кандын шаарына өтүп бара жатканда өзү курактуу, он алты, он жети жаштагы бир бала жете келип, салам берди. Ысмайыл алик алып бирге жүрүп отурду. Бир убакта «оокаттанып алалы» деп белиндеги нанын чечип, экиге бөлүп, алдына койду эле, тиги бала чоңун анын алдына жылдырып, кичинесин өзү алып жеди. Бала: «Энем айткан жолдошту эми таптым го» деп, ойлоду, бирок, дагы сынамакчы болуп, жолдон чыгып алып калп эле «бошонуп алайын» деп отуруп калды. Бир топ убакыт өткөндөн кийин артына караса, баягы бала дагы эле күтүп отуруптур. Энемдин айткан кишиси «ушул экен» деп, Ысмайыл жолдошуна келип «кеттик» деп жолго түшүштү. Жолдо артынан келген бала: «Атың ким, жашың канчада?» деп сурады.
«Атым — Ысмайыл, жашым он жетиде» деди. Ысмайыл: «Сенин атың ким, жашың канчада?» деп сурады эле алиги бала: «Атым — Ысрайыл, он алтыдамын, сиз мага ага болот экенсиз, мени иним деп жүрүңүз» деди.
Экөө жүрүп отуруп, бир кандын шаарына барышты. Базар аралап жүрүшсө,
бир топ көпкөн балдар: «Ээ самтыраган байкуштар, ушулар да жашадым деп
жүрөт ээ» деп боорун тырмап шылдыңдап күлүштү. Ысрайылдын ачуусу келип, биринин бутун, экинчисинин колун жулуп биринин башын кандап, дагы биринин көзүн чыгара чаап, базардан кетип калышты. Баягылардын кырк чактысы чогулуп: «Эки баланын кылганы ушул болду» деп канга арызданып барышты.
«Тынч жаткан шаардын тынчын бузган кандай немелер» деп кандын ачуусу
келип, бир вазирине он жигитти кошуп, «ошол эки баланы таап келгиле» деди.
Алар издеп келип, эки баланы жуунуп жаткан жеринен табышат. Базир: «Бери
келгиле» деди эле, тиги экөө: «Биз барбайбыз, өзүңөр келгиле» деп болбой
коюшту. Вазирдин ачуусу келип: «байлагыла» деп жигиттерине буйрук берди. Он жигит аттарынан шатыр-шутур түшө калып, эки баланы карай жөнөгөндө:
«Жакын келбегиле, келсеңер башыңар кесилет» деп Ысрайыл ордунан тура
калды. Ага болбой он жигит тиги экөөнү байламакчы болгондо, Ысрайыл бир нерсени кончунан сууруп алып тигилерге карап шилтегенде беш-алтоонун башы үзүлүп түшүп, калгандары канга барышты. «Акылман таксыр ханым, ал эки бала адам эмес, бир желмогуз көрүнөт. Бир нерсени шилтеди эле, беш-алтообуздун башыбыз үзүлүп түшүп, калганыбыз зорго качып кутулуп келдик. Буларга башка бир айла кылбасак, алышып алыбыз, күрөшүп күчүбүз жетпей турган көрүнөт» дешти. Анда хан каарына алып: «Эки баладан качып келдик дегенден уялсаңар боло, акылсыз акмактар! Бардык кошунду алып барып, колу-бутун байлап келгиле» деди. Анда акылман вазир: «Таксыр ханым, бул балдардын бизге жардамы тийчүдөй. Андан көрө буларга жакшы айтып алып келели да, өзүбүзгө эл кылып алалы» деди. Хан: «Андай болсо өзүң бил» деп, акылманга макулдугун берет. Акылман эки атты жасалгалап тиги экөөнө барды да: «Сиздерди хан мейманга чакырып жатат, сүйлөшөйүн дейт» деди. Ысмайыл менен Ысрайыл:
«Макул, барсак баралы» деди. Бирок аны ат көтөрө албай, бели сынып калды.
Анда акылман: «Ой тобо, бул кандай укмуш. Өздөрү кичине эмелер эле!» деп таң калып: «Сиздер токтоп туруңуздар» деп «чү» койгон бойдон ханга келди: «Ой, ханым, укмуштун үстүнө укмуш болуп, эки баланы ат көтөрө албай койду, эми кандай кылабыз?» деди.
Анда хан: «Кырк ат кошулган арабаны алып баргыла» дейт. Акылман кырк ат
кошулган арабаны алып барып, алыстан таазим этип, жүгүнүп: «Түшүңүздөр,
мырза жигиттер, отуруңуздар» деп отургузуп алып, кырк атты «чү» дегенде, кырк ат алка-шалка терге түшүп араңдан зорго арабаны сүйрөп, хандын ордосуна келишти.
Аттарынын түрүн көргөндө хандын үрөйү учуп, тактысынан түшүп эки колун
көкүрөгүнө алып, эки бала менен көрүшүп, гүл багынын ичиндеги
мейманканасынын ичине алып барып киргизди. Кан өз колунан даам сунуп, тиги экөөнү аябай сыйлап отуруп: «Он жигит отунчуңар, он жигит оюнчуңар болсун, гүл бак сейилге чыгып эс ала турган жайыңар болсун, ичкен-жегениңерден кам санабай, эс алып жата бергиле» деди.
Айдан ай, күндөн күн өттү, эки жигит сайрандап жата берди. Күндөрдүн
биринде кандын ордосуна тополоң түшүп, ызы-чуу болуп калды. Бул: «Кандай
окуя, барып билип келчи» деп Ысрайыл вазирди жиберди. Акылман барып көрүп келип: «Ээ улугум, иш чатак. Тетиги тоонун нар жагында көп замандан бери бир ажыдаар жашайт. Ошол ажыдаарга жыл сайын бир кой, бир кыз салык төлөп турчу элек. Айдан ай, жылдан жыл өтүп отуруп, бүгүн кезек биздин каныбызга келиптир. Кан жалгыз кызы Гүлжамалды ажыдаарга алып барып бергени жатат.
Ошондуктан, бүткүл кандын ордосу ызы-чуу түшүп, ыйлап-сыктап бүлүнгөнү
ошол» деди. Анда Ысрайыл: «Каныңызга барып айтыңыз, кыздын ордуна экөөбүз баралы» деди. Акылман барып канга айтты эле, ал сүйүнүп: «Эгерде колдорунан келип, ошол ажыдаарды өлтүрүп берсе кимиси болсо да Гүлжамалды берер элем» деди. «Андай болсо биз кеттик» деп эки бала жолго чыкты. Кан «жарым күн болсо
да Гүлжамалдын жаны калды» деп сүйүнүп турат. Экөө жүрүп отурушуп тоонун түбүнө келишти.
Ошондо Ысрайыл: «Биринчи мен барайын, сен тирүү кал» деди. «Жок, мен
барайын, сен тирүү кал» деп Ысмайыл болбоду. Экөө жол талашып, биринчи
Ысрайыл бармак болду да: «Мен тоонун башына чыгып көрүнөөрүмдө ажыдаар бир чыңырып оп тартат, оозунан жалын чыгып, тоону каптап кетет. Ошондо мен да бакырам. Ажыдаар экинчи бакырат. Мен экинчи бакырам. Ошол кезде чыгып баргын. Эгер экинчи бакырбасам, менин өлгөнүм. Анда барбагын, кайта элиңе кеткин» деп ажыдаарга бет алып жөнөп калды.
Тоонун башына чыкканда ажыдаар бир чаңырды эле, тоону жалын каптады.
Ажыдаар дагы бир чаңырганда таштар кулап, жер титиреди. Бирок Ысрайыл
экинчи жолу бакыра алган жок. Аны угуп көрүп турган Ысмайыл: «Ысрайыл өлдү, ажыдаар жутуп койду» деп ойлоп, ал өлгөндө мен калып, не кылмак элем? Мен да барып кошо өлөйүн» деп тоонун башына чыгып барса, тоодой болгон ажыдаар эки бөлүнүп, куйругунан арыктагы суудай бөлүнүп кан агып жатат. Ажыдаардын куйругунун алдында басылып, колуна кырк кес кылыч кармаган Ысрайыл өлүп жатыптыр. Ысмайыл ыйлап-сыктап Ысрайылды чоң суунун боюна көтөрүп барып, үстү-башын жууп, сууга алып жатканда үч жолу чүчкүрүп, көзүн ачып:
«Өлбөсөм сенин да ишиңе жарармын, ыракмат досум» деп тура калды.
Экөө канга көрсөтмөк болуп, ажыдаардын бир кулагын кесип алып, араңдан
зорго сүйрөшүп, кандын ордосуна келишти. Кан менен вазирин чакырып:
«Ажыдаарды өлтүрүп, кулагын сүйрөй келдик» дешти. Кан уккан кулагына
ишенбей, кырк жигитин чакырып: «Ажыдаардын өлгөнү чынбы, же калппы
барып билип келгиле, эгер өлбөсө, кыркың тең ошол жакта өлүп калгыла» деди.
Кырк жигиттин жандары чыгып, тоонун түбүнө келишти да: «Адегенде сен бар, мен бар» болуп, бир топко кажылдашты. Акырында арасындагы бир эр жүрөк баатыр атынын куйругун шарт түйүп, басмайылын бек тартып кылычын колуна туура кармап: «Эгер мен кайтпасам, силер кайтып кете бергиле» деп жолдошторуна керээзин айтып, кайрат кылып тоонун башына чыгып барса, ажыдаар эки тоодой болуп экиге бөлүнүп өлүп жаткан экен. Анан баатыр жигит:
«Ой, келе бергиле, ажыдаар өлүп калыптыр» деп кабар берди эле, калгандары
чыгып барып, өлүп жаткан ажыдаарды көрүшүп, кудайлап жакаларын кармашты.
«Кан ишенбей дагы убара кылат» деп дагы бир кулагын кесишип, кырк атка
сүйрөтүп араң ордого жеткизишти. Кан эми чындап ишенип: «Мен Гүлжамалды ушул эки жигитке бердим» деди. Биринчи ажыдаардын өлгөнүнө, экинчи кызынын аман калганына кан кырк күн той берди. Кандын эл-журту сүйүндү.
Той узагандан кийин кан бир күнү эки жигиттин алдына келип: «Гүлжамалды
кимиң алсаң, ошонуң ал» деп шаштырып калды. Ысмайыл Ысрайылды:
«Сен ал» деди. Ысрайыл: «Жок, менден улуусуң сен ал, мен ыраазымын» деди.
«Болуптур, андай болсо мен алайын» деп Ысмайыл макул болду. Кан кырк күн
той берип, улак чаптырып жатып, Гүлжамалды Ысмайылга нике кыйды.
Ысмайыл жаш аялы менен сүт көл, май көлдүн ортосунда заңгыраган ак өргөө
тигип, кырк кыз, кырк жигит жумшап, эчтемени ойлобой жатып калды. Ошентип арадан бир канча айлар өттү. Гүлжамалдын жамалына мас болуп, Ысрайылды эсинен чыгарып жиберди.
Күндөрдүн биринде Ысрайыл: «Бул Ысмайыл агам өз эл-журтун кала берсе
мени да эсинен чыгарып, кандын дүнүйөсүнө, Гүлжамалдын жамалына мас болуп жатып алганы кандай? » деп ойлоду да, мен мунун эсине салбасам болбойт деп, көчөгө чыкты. Аңгыча үймө-үй кыдырып келе жаткан дубананы көрдү. Ысрайыл кандын казынасынан бир табак дилде, бир сыйра жаңы кийим алып чыгып, дубанага берди да, кийимдерин чечтирип алып өзүн жолго салды.
Ысрайыл бул дубананын кийимин кийип, таягын алып, куржунун асынып,
Гүлжамал менен Ысмайыл жаткан өргөөнүн жанына барып: «Ата-энесин,
эли-журтун унутуп, башка элге келип жашап жүргөн адамдар араңарда барбы, бар болсо, аны ары наадан, ары жаман деп билгиле» деп көпкө ак урду. Ысмайыл балким дубананын сөзүнө көңүл бөлбөйт беле. Гүлжамал дароо сезе коюп: «Эй, Ысмайыл, мына бул дубана туура айтып жатат. Сенин да ата-энең, эли журтуң бар болсо керек. Эгер болсо, өз элибизге кетелик. Бирөөнүн эли эл болбойт, жери жер болбойт» деди. Ысмайыл ойлонуп туруп: «Анда мейли, кетсе кетелик» дептир.
Гүлжамал акылман вазирди чакыртып, «Атама барып айтыңыз, Ысмайыл
ата-энесине, эл-журтуна кетем деп уруксат сурап жатат, атама эп келсе бизди
тезирээк жөнөтсүн» деди. Акылман канга барып айтты эле: «Мейли, кетсе кетсин.
Уйдан миң, койдон миң, жылкыдан миң, төөдөн миң ак баш беремин, миң
жигитти алсын» деди. Ошентип, Ысмайыл менен Гүлжамал жөнөмөк болуп
камынып калды. Кан төрт түлүк малын айдатып, миң жигитке баштатып,
кыз-күйөөсүн жолго чыгарды.
Бирок Ысмайыл Ысрайылды оюнан чыгарып жиберет. Эки-үч күн өткөндөн
кийин Ысмайыл бир күлүктү минип, бир күлүктү жетелеп артынан жете барды.
Алар андан ары жүрүп отуруп, ээн талаа, эрме чөлдөгү бир жалгыз түп чынар
терекке кез келишти.
Теректин түбүнөн кичине булак суу ага турган. Ошондуктан ушул жерде бир-эки күн ат тыныктырып, кошун эс алдырып жатмак болушту. Үй тиктирип, Гүлжамал менен Ысмайыл уктап калышты. Ысрайыл уктабастан карап жатса, чынар теректин шагына жети кара кептер келип конду. Булар ажыдаардын арбактары экен. Аңгыча адамча сүйлөп: «Ысмайыл менен Гүлжамал ушул үйдө уктап жатышат. Кептердин тумшугу тийсе ууланып өлөт. Муну ким «угуп туруп» айтса, таш болуп калат» деди. Анда бирөө: «Мен барып уулантып келейин» деп дыр учуп түштү. Муну угуп көрүп турган Ысрайыл жүгүрүп үйгө кирсе, Гүлжамалдын бетине кептердин тумшугу жаңы гана тийген экен. «Денесине тарап кетпесин» деп, ууну соруп жатканда, Ысмайыл ойгонуп калып: «Ой, сен эмне менин катынымды өөп жатасың?» деп, чатак чыгарды. «Башында эле өзүң ал десе, болбой жатып алып бердиң эле, эми кылган ишиң бул!» деди. Ысрайыл аныгын айтайын десе, таш болуп калат, айтпайын десе Ысмайыл таарынып жатат. Акыры айласы кеткенден кийин айтмакчы болот. Жарымын айтканда белине чейин, бүтайтканда бүтүндөй таш болуп да калды.
Ысмайыл менен Гүлжамал ыйлап-ыйлап, эч натыйжа чыгара алышпады.
Ошондо Гүлжамал: «Токто мен ак тулпарды минип, кептерге жетейин. Эгер
кептерлерден колума түшсө, каны менен Ысрайылды жуунтайын айыкса ошондо
айыгат» деп ак тулпарды минип кууп жөнөйт. Ак тулпар күнчүлүк жолду бир
саатта басып жетти. Аңгыча алдынан бир кара кептер «дырр» учуп өтүп
караганга конду. Акырын билгизбей туруп кармап алды да, койнуна салып, бир аш бышкыча кайта келди. Дароо кептерди союп, каны менен Ысрайылдын башын жууп жиберди эле, үч чүчкүрүнүп кайта мурунку калыбына келди. «Кана эми камынгыла» деп, Ысрайыл жол баштап жөнөп калышты.
Ысмайылдын ата-энеси жашаган шаарга жакын келгенде бир жигитин:
«Барып Бекжан ханга айткын: же кандыкты берсин, же бери чыгып согушсун.
Ысмайыл, Ысрайыл деген жоо келди «дегин», деп, элчи кылып жиберди. Аны угуп Бекжан хандын ачуусу келип вазирлерин чакырып: «Бардык колду баштап барып согуш ачкыла, көпкөн немелерди жер менен жексен кылгыла» деп буйрук берди.
Миңден ашык аскер жарак-жабдыгы менен согуш майданына барса, бир жалгыз аттуу турат. «Согуша турган ким?», десе, ал жалгыз аттуу: «Мен» деди. Анда кол башчысы: «Жалгыз адам менен согушуп отурабызбы, байлап туруп, канга алып барып бергиле» деп буйрук кылды. Жигиттер байлап алмак болуп жабылып калды эле, Ысрайыл кончунан бир нерсени сууруп ала коюп шилтегенде бир нече жүздөгөн адамдардын башы жерге түштү. Калгандары качып, Бекжан хандын ордосуна кирип барышты. Ошондо Бекжан кан тактан түшүп: «Мына, керек болсо тактыны алсын да, менин жанымды соо койсун» деп, элчи жибергенден кийин, Ысрайылдар эч чатаксыз гана ордого кирип келип, Ысмайылды такка отургузушту.
Бир нече күндөн кийин Ысмайыл ата-энесин таап, ордого көчүрүп келди.
Бардыгы жайгашып, көңүлдөрү тынч алгандан кийин Ысрайыл отуруп:
«Ата-энеңди таап, көңүлүң жай таптыбы?» деп сурады эле, Ысмайыл: «Көңүлүм жай тапты» деди. «Андай болсо бардык дүнүйө-мүлктү дарыянын боюна топтогун» деди.
«Куп болот» деп, Ысмайыл бардыгын жыйдырып койду. «Бул дүнүйөнү
экөөбүз таптык, ошондуктан тең бөлүп алабыз» деп бардыгын теңме-тең кылып бөлүп, «нааразылыгың жокпу?» деди. Ысмайыл «жок деди. Анда Гүлжамалды алып кел. Гүлжамалды да тең бөлүп алабыз» деди. Ысмайыл тең бөлгөндө өлөт, сен эле ала бер! деп чырылдады. «Жок, мен теңин аламын» деп, «оң жагын аласыңбы, сол жагын аласыңбы» дегенде, Ысмайыл ойлонуп туруп: «Оң жагын аламын» деди. «Андай болсо оң колун карма» деп, өзү сол колунан кармап кончунан баягы кырк кес кылычты сууруп алып: «Мына чаптым» деп,
шилтегенде, Гүлжамал коркуп кетип эси ооп жыгылып калды. Аңгыча
Гүлжамалдын мурдунан чычканга окшогон бир кара нерсе чыга калып качып
берди. Ысрайыл жүгүрүп барып кескилеп өлтүрдү да: «Мына ушул зыяндуу
макулук ажыдаардын чымыны эле, эми Гүлжамал таптаза болду. Элдүү-журттуу тактуу кан болуп, максат мурасыңа жеттиң. Сенин кылган жакшылыгыңды актадым. Менин кылган жакшылыгыма сен да ыраазы бол. Мен Ысрайыл эмес, баягы сен бошоткон алтын балыкмын. Кош, эми аман бол» деп, алтын балык сууга секирип түшүп, сүзүп кетип калды. Ысмайыл ушунда гана түшүндү…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

два × 2 =