АДИЛДИКТИН КУШУ

Акындар акылмандар нечен-нечен,
Таба албай арман менен өтүп .кеткен.
Өзү эмес, канатынын жалгыз талы –
Бааласа миллион элге бир баа келген.
Күндөн чоң, суудан таза, жерден баатыр
Ак кушу адилеттин кайда экен?
Мен билем кайда экенин сонун жайда,
Ал эмес Америка, Европада.
Жасалган акак таштан бир күмбөз бар,
Эн күчтүү, эң сулуу шаар Москвада.
Мына ошол күмбөздөгү тынч уктаган
Укмуштуу улуу адамдын оң колунда.
Кайгы жеп караңгылап жарык дүйнө,
Ал адам деми бүтүп өлөрүндө,
Ме, ал деп өз колунан берип кеткен,
Ишенип өз жанындай сүйгөнүнө.
Ошондон ушул күнгө турак жайы
Уясы адилдиктин төркү үйүндө.
Сый көрүп, кадыр көрүп эркин уктап,
Чындыктын калыстыктын балын ууртап,
Толтуруп үйдүн ичин адилдикке,
Силкинип боюн тарап убак убак.
Кант салган чайын ичип ал кишинин,
Нанын жеп, аалам кезип учуп чыгат.
Ал учат ай үстүндө, күн астында,
Каухардай көп жылдыздын арасында.
Жер шарын топтой ойноп чимирилтип,
Шаңкылдап шаңшып ырдап анда-санда.
Өзүнүн талбас канат балапанын
Замандан замандарга таратууга.
6/I 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

13 + 8 =