УЧКУЧ КҮҮСҮ

Учтуң, учкуч,
Жасап укмуш.
Сен учканда
Карап туш-туш.
Санаа жетпей,
Шамал жетпей,
Караандабай
Шумкар куш,
Аай, карандабай,
Бай, бай, бай,
Ээй, заман,
Сенин балаң
Айландырып
Самолётту
Бураган,
Беттешкенде
Бетке келбей,
Ажал-душман
Бырын-чырын
Кулаган.
Ээй, заман
Кандай кыраан
Сенин балаң
Бай, бай, бай.
2.
Булут жиреп,
Жапырт кирет.
Өнөр жасап,
Чимирилет.
Ата мекен
Болуп бекем
Тынчтык өмүр
Сүрсүн деп.
Аай, бек турсун деп,
Бай, бай, бай,
Ээй, заман,
Сенин балаң
Айландырып
Самолётту
Бураган.
Беттешкенде
Чыдай албай
Ажал-душман
Бырын-чырын
Кулаган.
Ээй, заман
Кандай кыраан
Сенин балаң,
Бай-бай, бай!..
Учсун учкуч,
Жасап укмуш!
Жадырасын
Биздин турмуш!
Жаркылдасын,
Оюн салсын
Болот куш.
Аай оюн салсын,
Бай, бай, бай,
Ээй, заман
Сенин балаң
Айландырып
Самолётту
Бураган.
Беттешкенде
Бетке келбей,
Ажал-душман
Бырын-чырын
Кулаган.
Ээй, заман
Кандай кыраан
Сенин балаң
Бай, бай, бай.
12/I 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

12 − одиннадцать =