Көпкө умтулдум, бирок азга жетпедим, Аз учурдум жакшы ырлардын кептерин, Жаш күнүмдөн жар болушкан каламым, Бүгүн билдим алсыз калам экенин. Картаярмын, кайткыс жолго кетермин, Кош, курдаштар, түбөлүккө дешермин, Бирок, билем, бизден соңку муунду – Калган жерим: сыйлап, мейман этерин. 8/ХI 1946 Чолпон-Ата