МЕНИН КОЛУКТУМ

Мен башкарма, менин сүйгөн колуктум:
Эң атактуу ударниги колхоздун.
Арманым жок, гектарынан миң центнер –
Кызылча алган кыйын кызга жолуктум.
Берметтенип маңдайдан тер тамчылап,
Эмгек менен эркин өскөн жаш чырак.
Эрден күчтүү колун кармап турбасам,
Анан кантип менин көңүлүм ачылат?!
8/ХI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3 × три =