МЕН КЕТТИМ АЛЧА БЫШКАН МЕЗГИЛДЕ

Келдим көлдөн өрүк гүлдөөр кезинде,
Кеттим кайра алча бышкан мезгилде.
Турган кезде Фрунзенин кыздары –
Жыт алдырып акация, сиренге.
Кеттим кайра туралбадым көп күнгө,
Күйүп, жанып акындыктын өртүнө.
Турган кезде Фрунзенин кыздары –
Көрк алдырып жаздын сулуу көркүнө.
Түшөр жерим: Нарын ата, Тянь-Шань…
Бул жерде да жаз жыргалы карасам.
Киев, Москва, барлыкшаарым ушундай,
«Кудай урсун» бирин күнгө кыя алсам!
8/ХI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

13 + 17 =