Биздин колхоз бирдиктүү, Бирдиктүү колхоз бек күчтүү. Октябрь айдын башында Бүтүп салган күздүктү. Башкалар кырман басканча, Сапырып буудай шашканча, Пландын соңу калды деп, Жазуусуна жазганча, Азамат менин колхозум, Ушундай колхоз көп болсун Күздүгү такыр аяктап, Жыгып салган сокосун. 4/ХI 1946 Чолпон-Ата