САМАН ТАРТУУ

Саманым алтын саргарат,
Ураган жардай жарданат.
Жолдон өткөн жолоочу
Көңүлү тоюп, таң калат.
Соп, соп, өгүз, ала өгүз,
Сопол куйрук кара өгүз! –
Кыш кетпей кокус жут болсо
Жыргалын шондо көрөрбүз.
Кызыл жондо, Ой-Ташта,
Үймөктөр жатат бир башка,
Аны да тартып алалы,
Кыйындык келер кар басса,
Соп, соп, өгүз, ала өгүз! –
Жаз алды келген убакта
Сонундугун көрөбүз.
Ай, карагер, мактанба,
Жегениң сулу болсо да
Касиет бар, кубат бар
Дал ушул сары саманда.
Соп, соп, өгүз, ала өгүз,
Сопол куйрук кара өгүз! –
Карагер менен жазында
Күч салышып көрөрбүз.
4/ХI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

восемь + девятнадцать =