Аттануу керек бул жерден,
Аттануу керек бул элден,
Эр болсоң көккө чыгарат
Баары болот ата, энең.
Тосо албас күчү эч кимдин,
Теңселтер тоону эпкиним.
Чапканда жер солкулдар,
Ушундай күлүк мен миндим.
Бакты экен, муну ким тапкан,
Элиме анын кызматы ак,
Күлүгүм чуркар табында
Коё бер оозун камчы чап.
Жапкын жабуу сулуулап,
Күлүктү билгич ушу убак,
Тартсам да оозун ээ бербей
Жер чапчып күлүк жулунат.
Жүздөп күлүк кошкондо,
Сен ичинен озгондо,
Өзүмдүн чапкан күлүгүм
Чыгарсың сынга ошондо.
Күлүктү күлкү кылчулар,
Ошондо шагың бир сынар,
Күлүгүм бизге айтты го,
Сынап жүргөн сынчылар.
Бек карма тизгин колдогуң,
Жүрүшүн табар жоргонун.
Чарчатып койбо күлүктү,
Узак болот бул жолуң.
Бороондой чаң ызгытып,
Жолго мына биз чыктык.
Кээ бири суу берсе да,
Калышат таш ыргытып…
Андайлар бизге кеп эмес,
Андайлар жеңил, бек эмес,
Жылдыздуу жаштар биздики
Күчүбүзгө тең эмес.
Биз бараткан ушу жер
Учу жок качан түгөнөр,
Тизгиниң колдо эрк менде,
Уча бер күлүк уча бер.
Учсун да, тулпар учсун да,
Ырыстуу жылдыз тушунда.
Мээнетиңди ак кылып,
Кучактачу эл ушунда.
Күлүгүм эмес, тулпарым,
Тулпарым алыс чуркагын,
Чуркагын эмес асманда
Сонун го куштай учканың.
Тулпарым сезип кошкурат,
Күлүктөр жолдон кошулат,
Биз дагы тең чабабыз,
Жол созулат, созулат.
Күн чыгат да, таң атат,
Алмаша берген бул адат.
Дагы эле бир быш этпестен
Күлүктөр зуу-зуу баратат.
Бирде алдыга озобуз,
Бирде күлүк кошобуз
Биз алыска чуркайбыз,
Деп марааны созобуз.
Байкап жүргөн тыңчылар,
Ырдап жүргөн ырчылар,
Күлүктөн кабар угузам,
Эмесе кокуй чыр чыгар.
Биз жөнөрдө эл жаткан,
Кыздар чыгып узаткан,
Биз жуп атка мингенде
Жылт-жылт күйгөн өчтү шам.
Салышып мен да баратам,
Чабышып мен да баратам,
Күлүк барда мен да бар,
Жабышып мен да баратам.
Мен билем күлүк чабышын,
Мен да билем кайда барышын,
Талап деген кыйын го,
Мен билем күлүк жарышын.
Тоолор калды алыста
Тулпарым келди намыска,
Күлүктөн караан үзүлбөйт,
Күлүгүм бөлүн, арышта.
Учсун да, учсун тер алсын,
Тер алуу менен дем алсын,
Азыр басып өтөлү,
Казактын Бетбак талаасын.
Даңкыбыз ансыз угулбас,
Элибиз ансыз чуу кылбас.
Күлүгүм артта калсынчы,.
Түркмөндүн кызыл кумун бас.
Баспаган жолдун оңоюн,
Кыйын жолдо чоңойгун,
Эмесе тепсеп өтөлү,
Сибирдин түнт токоюн.
Арышты күлүк кең алгын,
Төрт аякты тең салгын,
Жер шарын бүт айланып,
Ошондо анан дем алгын.
Неаполдордун жеринен,
Лондон, Париж, Берлинден
Көз жумганча өтүп кет,
Күлүгүм буйрук бердим мен.
Жер калбасын биз билген,
Тулпарым кемсиң сен кимден?
Калып жатсын арт жакта,
Кызыл туулар биз илген.
Сен чапкан сайын тер алып,
Менден чакырым жер калып,
Экөөбүз илген кызыл туу,
Калып жатсын кызарып.
Биз ашпай турган бел калбайт,
Биз баспай турган жер калбайт.
Тизгиниң колдо, чап тулпар,
Биз ашпай турган жер калбайт.
Күлүгүм күлүк даң салган,
Чапкан сайын даңк алган.
Мен бир шаңдуу жигитмин
Бүркүтүн издеп жар салган.
Кармаган тизгин колдогум,
Жүрүшүн табат жоргонун,
Жаш кезимден аттандым
Узак болот бул жолум.
1937
ЖОЛУМ
Датасы: 29.12.2021