КҮНДӨР ЖӨНҮНДӨ ЛИРИКА

Жаратылыш сенде кандай кубулуш,
Өз бооруңа кучакталган бул турмуш,
Жаз алдында жаңы ачылган гүлдөрдөй
Күндө алдыңдан гүлдүү күндөр болот туш.
Ар бир күндүн өзүнчө го жаштыгы,
Жарашыктуу күлкү, оюн шылдыңы,
Сонун акыл, сонун сүйүү туулат
Зымырылып кууган сайын жыл-жылды.
Мына заман октой учуп зыпылдап,
Калың турмуш арасында кыдырат,
Көрчү досум, биз жашаган күндөрдү
Адамдыктын бактысы өсөт, гүлдөп бат.
Жаштык колдо, кубат да мол, курбулар,
Жашоодогу кымбат күндөр бизде бар,
Астыбызда мол өмүрдүү күндөрдө
Бар го далай ачыла элек кулпулар.
Күн сен нурлуу, ай бактылуу тие бер,
Жалгыз гана жарашыктуу биздин жер.
Жардай ысык биздин күндү көрүшсүн,
Кайгысы жок эл бар бекен дегендер.
Күн сен нурлуу, ай бактылуу тие бер,
Жалгыз гана жарашыктуу биздин жер.
Шаттык, күлкү, жашчылыктын ичинде
Сен да жыргап туула бер жаш күндөр.
1937


Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

один × 4 =