ЖИГИТТЕРДИН ҮЛПӨТ ЫРЫ

Достор!
Дос десем, баарың доосуң, менин калкым,
Дал бүгүн «Жеңиш күнү» көңүл жаркын,
Турмуштун: тоо – токою, агын суусу –
Бир башка, бүгүнкү күн: кооз, салкын,
Эмесе кең үлпөткө, кел жигиттер,
Бир бирден бокалыңды колуңа алгын:
Жеңиш,
Таалай,
Бакыт үчүн
Тынбай,
Тынбай,
Тартып калгын.
Достор!
Дос десем, баарың доссуң, менин журтум
Жаңырды «жаңы жылың» кийин, кулпун
Өмүрдүн: тоо – токою, агын суусу –
Биз менен: ырдайт, бийлейт, ана уккун.
Эмесе кең үлпөткө, кел жигиттер,
Мынакей баарыңарга бокал сундум:
Тынчтык,
Ырыс,
Таалай үчүн
Тынбай,
Тынбай,
Тынбай,
Тынбай жуткун.
Достор!
Дос десем, баарың доссуң, менин калкым
Сыйлайлы, кадырлайлы, заман баркын,
Ырдайлы ата Ленин акылманды,
Даанышман, улуу көсөм заман алпын;
Эмесе кең үлпөткө, кел жигиттер,
Жабыла бокалыңды колуңа алгын;
Биздин
Ак тилектен
Кайрат,
Кубат,
Өмүр алсын,
Тынбай,
Тынбай,
Тартып калгын.
13/I 1945

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 × 3 =