Кайда барсам эсимде Көлдүн кызыл кыздары. Катташпай коюп далайга, Көңүлүм жаман сыздады. Кызыл кыздар көлдө экен, Кыялын эстеп сагынам. Барайын деп баралбайм, Базар сайын камынам. Кантейин жалжал кара көз, Жүрөккө санаа илинтти. Кыз кызылын тандаган Мен Чүйдүн куба жигити. 13/I 1945 Койсары