Жер жүзү кандай кенен, канча мекен, Картага батырылган өнөр менен. Биринен бирин айрып таануу үчүн, Боёлгон ар түрдүүчө боёк көрөм; Антпестен бир гана түз болсун үчүн Бардыгын кызыл менен боёр элем. Бетине сулуу оюлган тамганы уруп, Окуса: үч С жана бир Р деген. 1939