Көбүктөнгөн күлүк аттай аркырап,
Жыйырма беш жетип келди чапкылап.
Алы жетпес – күчтүү күчкө жол ачып,
Жашчылыктар кала берди кол булгап.
Кетти, кетти, балалыктар кайрылбай,
Аткан октой кайрылууга айныбай.
Эсте калды бир күн көргөн оюндай,
Аз ырдалып унутулган ырлардай.
Кош бол, кош бол, уурдалган жылдарым1
Кайкып учкан лачын куштай чактарым…
Артың өкүнүч, алдың кызык койнуңда
Аз жашадым, дагы азыраак жашармын.
1/I 1940
***
Мингениң алтын ээрдүү күлүк салт ат,
Камчылан! Айга алкынып салсын таскак,
Калтырып, сан бууданды, кайыктай сыз!
Күчө элим, дарыядай ташкындап ак.
4/I 1940