ЖАННАТ

Байыркы өткөн убакта бир кан болуптур. Ал кандын үч уулу, үч кызы болгон
экен. Ал ар дайым сейилдикке ууга чыгуучу экен. Бир күнү кан кырк жигити
менен кечке маал үйүн көздөй келе жатса, алдынан алтын кийик чыга калып,
жалт берип качып жөнөйт. Кан кийикти кубалап отуруп чөлгө киргизип жиберет.
Чөлгө баргандан кийин алтын кийик төө болуп калат. Анда кан: «Төө болсо да
пайда эмеспи» деп жетелеп кетейин деп эңкейип кармарында дөө болуп калат.
Бул укмушту көргөндө кан жанынан түңүлөт. Дөө болсо: «Кана, каным, жол
болсун, сени ажал айдап келдиби, же азап айдап келдиби?» деп сурайт. Кан
коркконунан: «Жан соога, баатыр, жан соога» деп дөөгө жалынып-жалбарып
жиберет. Анда дөө: «Эгер жаныңды соо коё берсем, мага эмне берер элең?» дейт.
Кан аптыгып, «айланайын досум, башым тартуу; жаным тартуу» деп жалооруйт.
«Эмесе менин каалаганым сенин үч кызың» дейт. Кан: «Айтканыңыз эки эмес,
куп» деп жооп берет. Анда дөө: «Качан бересиң?» дейт. Кан: «Мен өлгөн күнү
келип алгын, убада ушул болсун» деп, кайтмакчы болгондо, дөө: «Ой, каным,
сенин кыздарың үчүн менин берер малым жок. Малым да ушул, тоюм да ушул,сага кылган жакшылыгым дагы, кылган жамандыгым дагы ушул, — деп канга бир кестик берет да, аты — Жаннат, кестик самаган мурасыңа жеткирет» деп канды үйүнө жиберип иет. Ошону менен кан бир топ жылга чейин эл башкарып, кандык дооронун сүрүп жүрө берет. Күндөрдүн биринде кан ооруп калат. Ооруп жатып баягы дөөгө берген убадасын эстейт. Акыры адам болбосуна көзү жетип, «кой, көзүмдүн тирүүсүндө балдарымдын энчисин бөлүп берейин» деп, ойлоп, үч уулун чакыртып алып, кеңеш салат: «Балдарым мен адам болуудан калган өңдөнөмүн. Силерге калтырарым үч нерсе — бириң
кандыгымды, бириң байлыгымды, бир ооз айтар сөзүм бар: аны бириң ал, эми
эшикке чыгып кеңешип келгиле» дейт. Үч уулу ээрчишип эшикке чыгып кеңеш курушат. Анда улуусу: «Кудайдан корксоңор, мен экөөңдөн ак сакалмын, кандыкты мага бергиле», дейт. Анда ортончусу: «Эмесе байлыкты мен алайын» дейт. Кичүүсү: «Болуптур: Атамдын бир ооз сөзүн мен алайын» дейт. Ошону менен үчөө кеңешип, бүтүрүп, атасынын алдына киришет да, улуусу: «Мен
кандыкты алмак болдум», ортончусу. «Мен байлыкты алмак болдум» дешти. Анда
атасы: «Хандыкты алганың хандыкты, байлыкты алганың байлыкты көздөп ал,
баргыла» деп эки баласын чыгарып жиберет да, кичүү уулун алып калып: «Эми
балам, сага айтарым ушул: мен эми жети күндө өлөмүн, мен өлгөндөн кийин
жакшылап койгула. Мени жай жериме алып жөнөгөндө сен үйдө кал.
«Эжелериңди алабыз» деп үч эшек минген дубана келет. Үчөөн үчөөнө кармата
бергин. «Энчиден мени кур таштады» деп, мага таарынбагын. Сенин энчиң мына
— бул. Ушул кестикти алгын, кара кашка тулпар да сеники, эч кимдин анда акысы
жок. Кестиктин аты — Жаннат. Эмне самасаң, муратыңа жеткирет, касиети —
ушул. Бул жөнүндө эч адамга билгизбе. Эгер муну адамзатка билдирсең, өз
башыңа зыян болот» деди. Баласы: «Куп болот, ата, айтканыңыздын баары
аткарылат» деп кестикти бекем катып алды.
Бир жума өткөндөн кийин атасы өлөт. Кой союп, конок алып дегендей бардык
урмат-сыйын көрсөтүшөт. Үчүнчү күнү кандын сөөгүн чыгара турган болгондо,
бала кара кашка тулпарды токуп коюп, атасынын жаназасына турат. Ошентип
кандын сөөгүн коймокчу болгондо эл жабыла барышат. Хандын кичүү баласы
атасынын сөзү боюнча үйдө калат. Атасынын сөөгүн коё турган бейит түштүк
жолдо экен.
Сөөк-чыккандан бир аз убакыт өтпөй эле бир кара эшек минип, аза-музасын
колуна алган, ак селдечен киши келип калат. «Ии, аба, жол болсун, кайдан келе
жатасыз?» деп бала сурады эле тиги киши: «Эй, балам, кайдан келгенди эмне
кыласың, атаңдын аманатын колума сал» деди. Бала: «Болуптур, аба» деп, улуу
эжесин чакырып, баягы эшекченге учкаштырып жиберет. Андан кийин дагы бир
эшекчен киши келет.
Ага ортончу эжесин берет. Андан кийин үчүнчү эшекчен киши келет, ага кичүү
эжесин берип жиберет да, тулпарын минип, сөөктүн артынан жөнөп барат. Барса
жаңыдан эле жай жерине алып койгон кез экен. Ошону менен атасын көөмп, эл
менен кошо атасын жоктоп өкүрүп үйүнө келип түшөт.
Үйдөгү калган катын-калачтар улуу агасына датка отурушат: «Апий ботом,
иниңиздин бул эмне кылганы. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, атасынын сөөгү
узай электе өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, үч эжесин үч эшек минген
дубанага учкаштырып берип жиберди» дешти. Анын бул ээнбаштыгына улуу
агасы чындап эле ирээнжип: «Эмитен мындай кылык кылып жүргөн неме бизге
оң санабайт экен го» деп ойлойт да, өзүнүн инисинин канына сабын болуп
даргага асып өлтүрмөк болот. Баланы дарганын түбүнө алып келип, элге жар
чакырып: «Өз бир тууганым болсо да, ээнбаштык кылгандыгы үчүн даргага асып
өлтүрөмүн!» Ошону менен баланы даргага тартаарда ортончу агасы кулдук уруп:
«Биз үчөөбүз бир тууган элек. Эми атабыздын топурагы сууй электе
бири-бирибизди өлтүрүшкөнүбүз ылайык эмес. Муну көргөн эл эмне демекчи?
Сизден сурарым, баланы канына сабын болбо, андан көрө кулак угуп, көз көргүс
жерге барып оокатын кылсын» деди. Жарданып карап турган элдин баардыгы
«туура сөз» деп чурулдап жиберди эле, кан да ортончу инисинин сөзүнө макул
болду.
Эртеси кан агасы жети төөгө алтын, күмүш зер артып берип жанына жети
жолдош кошуп: «Жети төөнүн пулун керек-жарагыңа жумшап, көз көргүс, кулак
уккус жерге барып оокат кыл» деп, жөнөтүп жиберет. Ошону менен жигит кайда
барарын билбей, баш оогон жакка жүрүп отурат. Акыры бир чоң шаардын
четиндеги бир чоң сазга келип, кошун түшүрүп конуп калат. Катуу уктап
жатышканда бир топ каракчылар келип, жети төөнү пулу менен Кара кашка
тулпарды жана жети жигитти ат тону менен бүтүндөй уурдап кетет. Жигит
эртеси ойгонсо, бардык пулунан, жолдошторунан, төөлөрдөн, жада калса Кара
кашка тулпардан ажырап, коколой башы жалгыз калган экен. Бала: «Мынчалык
мен кудайга не жаздым эле, жок дегенде астымда атым болсочу» деп ыйлайт. «Ай
ушу мен атамдын өз баласы эмесмин го? Эгерде өз атам болсо, мени ушунчалык
кыйынчылыкка учуратат беле?» деп, аркы-беркини ойлоп отуруп, акыры атасы
берген кестикти эсине түшүрөт. «Ушуну унуткан экенмин да, касиетин бир
байкайынчы» деп кестикти колуна алып, ары бери оодарып карап туруп: «Ушул
кантип мени мурасыма жеткирсин, атам мени алдаган экен да» деп ойлойт.
Акыры: «Баары бир башка кылар арга жок, эмнеси болсо да, ушуну менен бир
сүйлөшүп көрөйүн» деп, «Жаннат» дейт. Аңгыча күнгүрөнгөн добуш чыгат. Бала
чочуп чалкасынан кетет да, эси ооп жатып калат. Бир убакта эсин жыйып башын
көтөрсө, жанында кестиктен башка эч нерсе жок. «Бул кандай шумдук болду
экен?» деп ойлоп, «эмне болсо да дагы бир сүйлөшөйүн» деп, кестикти колуна
алып, «Жаннат» дейт. Аңгыча: «Кулдугум бар, таксыр» деген үн чыгат. Чочуп
кетип кестикти дагы ыргытып жиберет. Ошондо атамдын айтканы ушул
турбайбы, андан көрө жүрөк токтотуп, мунун бир пайдасын көрөйүн деп, үчүнчү
ирет «Жаннат» дегенде, «Кулдугум бар, таксыр» деген үн чыгат. Бала ойлонуп
туруп: «Азыр жети жолдошум, Кара кашка тулпарым жана бардык оокаттарым
түгөлү менен жанымда болсун» деп буюрат да жамбаштап үргүлөп кетет. Аңгыча
болбой дүбүрт угулат. Чочуп ойгонуп көзүн ачса, Кара кашка тулпары баш болуп,
жети жолдошу жана бардык оокаттары жанында турган болот. Бала аны көрүп
аябай сүйүнөт.
Ошондо жигит туруп: «Кой, жети жигитим бул ишти билип калса, жаныма
зыян кылар. Андан көрө буларга азаттык берип кетирейин. Ар кимиси өзү
каалаган жерге барып оокатын кылсын деп ойлонот да: «Баатырлар, силерге мен
эки дүйнөдө тең ыраазымын. Ар кимиң минген атыңды, кийген тонуңду,
жетелеген төөңдү пул-сулу менен алып, бириңе-бириң катылбай, каалаган
жериңерге барып, оокатыңарды кылгыла, мен мындан ары жалгыз кетемин»
дейт. Жигиттер угуп турган кулактарына ишенбей: «Чын айтып жатабы, же
бизди сынап атабы?» деп таң калышып: «Жок, биздин сизден бөлүнүп элге
кетишибиз болбойт. Өлсөк, тирилсек да сиз менен бирге болобуз» дешти. Бала
мурунку сөзүн дагы кайталады да: «Эгерде сыйыңар менен кетпесеңер
башыңарды аламын» деп коркутту. Жигиттер баланын чындап эле айтып
жатканын билгенден кийин сүйүнүшүп: «Эки дүйнөдө жамандык көрбө, жолуң
ачылсын» деп баталарын берип, туш тарапка жөнөп кетти.
Бала тулпарын минип алып жүрүп олтуруп, бир шаарга келип базар аралайт.
Шаарды көрүп бир чоң көчө менен келе жатса көз алдынан бир нерсе жарк дей
түшөт. «Бул эмне болду экен?» деп, эки жагын караса мунаранын башында ай
десе аркы жок, күн десе көркү жок бир сулуу кыз турат. Кызды көрө сала баланын
тулку бою эрип, ашык болуп калат. Андан жүрүп отуруп, шаардын четине чыгып
эки жагын караса, бир чөп алачык турат. Ошондо бала: «Менин бул жүрүшүм
болбойт» деп Жаннатка: «Менин кара тулпарыма киймим бөктөрүлүп, мага
кереги тийгенче адам көрбөгөн бир жайда оттоп жүрсүн. Ал эми тез арада менин
жаныма кайыш чокой, малакай жана жаргак шым, көйнөк пайда болсун» деп
буюрат. Дароо айтканынын баары орундалат.
Баягы бала кийимдерди кийип алып, чөп алачыктагы кемпир чалга барат да:
«Ассалоом алейкум, ата» дейт. Анда чал: «Алекима салам, балам, кел, ии жол
болсун, кайдан келе жатасың?» дейт. «Ээ, атаке, мен бир багар-көрөрү жок
жетиммин. Баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөм». — «Ии,
балам, сөзүң дурус экен, анда бизге бала бол» деди чал. Ошентип бала
абышка-кемпирге бала болуп жүрүп калды. Абышканын мал бүткөндөн беш
эчкиси болуптур. Ал араң кымырандык сүт берет экен. Бала эчкилерди кайтарып
жүрө берет. Күндөн-күнгө сүт көбөйүп, батырап жуурат уютуп, каймак, сүт
батпай, турмуштары оңоло баштайт. Кемпир-чал буга аябай сүйүнүшөт, «баланы
ак жолтой болду» деп жандары калышпайт.
Бир күнү бала баягы чалдан «шаарга барып келейин» деп уруксат сурайт. Чал:
«Барсаң барып кел» деп, бир аз тыйын берет. Бала мындай чыгып: «Кийим кечем
менен кара тулпарым дайын болсун» деп Жаннатка буйрук берет. Айткан сөзү
эки болбостон, көз ачып жумганча кара тулпар жанына пайда болду. Бала
тулпарын минип, кийимин кийип шаарга барып, сейил куруп, кечке жүрөт. Кечке
маал үйүн көздөй келе жатып, баягы кызды дагы көрөт да, мурункудан да катуу
ашык болуп, айласы куруп, ак эткенден так этип, кызды алсам дегенде эки көзү
төрт болуп, айласыздан үйүнө кайтат.
Ошентип бала эчкилерин кайтарып жүрө берет. Бир күнү дагы шаарга барууга
атасынан уруксат сурап жөнөп кетет. Белгилүү жерге барганда: «Жанымда тулпар
болсун» деп, Жаннатка айтканда, буйругу дароо орундалат. Тулпарын минип
алып, шаарга барып,кечке сейилдеп жүрүп, кечинде келе жатып баягы кызды
терезеден дагы көрөт да, көпкө чейин карап туруп, үйүн көздөй жөнөйт.
Үйүнө жакындап калганда Жаннатты чакырып, тулпарын тапшырат да: «Азыр
бир жүк, артарга жүгөнү кендир, үзөңгүсү чүлүк ээри ыңырчак кер байтал,
салынарга жууркан-төшөк, абышка кемпирдин киерине эки сыйра кийим даяр
болсун» дейт. Ошол замат айтканы орундалат. Бала кер байталга жүгүн артып
алып үйүнө барат. Абышка-кемпир алып келген кийимин кийип, төшөгүн
салынып, аябай ыраазы болушат. Жатар мезгил болгондо бала чалга: «Сизден бир
иш сурайын, орундатасызбы?» дейт. Чал: «Эмне иш болсо да орундатам» дейт.
«Андай болсо кандын кызын мага алып бериңиз» дейт. Чал: «Макул, жакшы
болот, эртең канга барып айтайын» дейт. Эртеси канга кер байталды минип,
колуна чокмор алып, чоң шашке ченде кандын дарбазасына кирип барат. Эшик
кайтарган желдеттер абышканы кандын үстүнө кийирбей коет. Ал ага болбостон
кеч бешимге чейин чокмор менен дарбазаны койгулап тура берет. Акыры кан
жадап «кийиргиле» деп буйрук берет. Абышка канга келип: «Таксыр каным,
ырыстууга жуучу, ырысы жокко — доочу дейт. Мен сизге жуучу келдим, уулума
кызыңызды бериңиз» дейт. Кандын ачуусу келип: «Эмне дөөрүйсүң, менин
кызымдын теңи сенин уулуң эмес» деп, абышканын башын алып салмак
болгондо кандын баш вазири: «Ой, каным, ушуга короткон кайран кол, ушул
шаардагы ашкан байбачанын баласы да сиздин кызыңыздын калыңын төлөп ала
албай жүрөт. Ал эми бул абышканын кудурети канча дейсиң. Казынам толгон
алтын бер деп, күн болжоп койбойсуңбу» деди. Кан: «Айтса, айтпаса төгүнбү,
кутурган абышканын күчүн көрөйүн» деп ойлоду да: «Абышка беш күндүн
ичинде казынамды алтынга толтурасың, эгер болжогон мөөнөттөн калсаң,
өзүңдүн да, балаңдын да башы алынат» деди. Кандын сөзүн угуп, чал капаланып
үйүнө кайтты: «Ии, ата, кабагың салыңкы өңүң бозоруңку, кан эмне деди?» деди.
«Ээй, балам, кан эмне демек эле, казынам толгон алтын бер, беш күндө муну
аткара албасаң, балаңдын да, өзүңдүн да башың алынат деди» дейт. Анда бала:
«Оңой эле иш турбайбы, капа болбой жата бериңиз» деди.
Ошентип көз ачып жумгуча төрт күн өтүп кетти. Эртең бешинчи күн болот
дегендин кечинде бала беш эчкинин жанына барып Жаннатты колуна алды да:
«Эртең кырк нарга жүктөлгөн алтын, күмүш даяр болсун. Ага тартылган
танаптын бир түрү алтын, бир түрү күмүш болсун. Үстүнө жабылган килемине
алтын, күмүш, жакут берметтен түр салынган болсун. Ал кырк нарды кырк кыз
жетелеп, артынан айдаганы кырк жигит болсун» деди да, жатып уктап калды.
Эртең менен намаз окумак болуп эшикке чыгайын десе, жаркыраган нерседен
көзү уялды. Коркуп кетип эшикке чыга албай, намазды үйдүн ичине заңгыратып
окуй баштады. Кемпири: «Ой оңбогон чал, эшикке чыгып эле окусаң боло» деди.
Анда чал: «Ой, кудай, куураткан кемпир, эгер эр болсоң, эшикке чыкчы?» деди.
Кемпири тура калып чөп алачыктан шыкааласа, жаркыраган нур бетке урду эле,
чочуп кетип бакырып чалкасынан кетти. Бир топтон кийин кемпир араң эс алды.
«Бул кандай шумдук болуп кетти. Бизге көрүнчү көрүндүбү, же күндүн нурубу?
Биз болсок ичерибизди ичтик, жээрибизди жедик дегендей, эшиктеги бала эмне
болду, эшикке чыгып, жамандыгы болсо аны, эгер жакшылыгы болсо аны
көрөлүк» деп, чал-кемпир жетелешип: «сен чык, мен чык» болуп жатып эшикке
чыгышса, жаркыраган нур кырк нардын үстүнө артылган алтын, күмүштүн,
бермет, жакут менен түрлөнгөн килемдин нуру экен. Кемпир менен чал буларды
көрүп, кубанычы койнуна батпай аябай сүйүнүштү. Абышка баланы ойготуп:
«Буларды көрбөйсүңбү?» деди эле, бала күлүп: «Эми ата, буларды канга алып
барып бериңиз. Кандын жети казынасына батпай калат. Ошондо: «Мен алып
келген бир аз оокатты батырып ала албагандан кийин кандыгың кайсы,
корооңдун ортосуна жыйдырып ал» де. Кан ызаланып: «Кайта алып кет» дейт.
«Ээ каным, жетпегениңе жең, болбогонуңа бой кылып ал. Анча-мынча оокат үчүн
жаманаттуу боло койчу мен эмес. Кана, кызыңды бересиңби, жокпу?» деп, кандан
жооп ала кел» деп атасын жөнөтөт.
Абышка кандын дарбазасына жакындаганда кырк кыз, кырк жигитти
кайтарып жиберип, төөлөрдү айдап канга келет да: «Алып келген калың
малымды өткөрүп ал» дейт. Чынында эле кырк төөнүн жүгү кандын казынасына
батпай калат. Ошондо чал: «Ээ каным бир аз оокатты казынаңа батырып ала
албагандан кийин кандыгың кайсы, корооңо жыйдырып ал» дейт. Кан ызаланып:
«Кайта алып кет» дейт. Анда чал: «Жетпегениңе жең, болбогонуңа бой кылып ал.
Кана, кызыңды бересиңби, жокпу, ачыгыңды айт, кан!» деп күпүлдөйт.
Кан эмне деп жооп берерин билбей, оң кол вазиринен акыл сурап: «Бул чалдан
кантип кутулуш керек?» дейт Анда вазир: «Болуптур, эмесе күйөөнү көрөлү. Эгер
күйөө көңүлгө жакса берем. Эгер жакпай калса, балаңдын да, өзүңдүн да
башыңды аламын деңиз» дейт. Кан вазирдин сөзүн макул таап: «Үч күндө күйөө
келсин, күйөө көңүлгө жакса берем. Эгер жакпай калса, балаңдын да, өзүңдүн да
башың алынат» деп, чалды жөнөтүп жиберет.
Чал үйүнө барат. Эки күн өткөндөн кийин: «Ата, кан эмне деп айтты?» дейт.
«Ээ балам, үч күндөн кийин кайнатаң сени көрмөк болду. Жообун ошондо бермек
болду» дейт. Бала «болуптур» деп жатканы кетет. Түндүн бир маалында кестикти
сууруп: «Эртең менен шайдооттой кырк жигит жанымда болсун, Кара кашка
тулпар баштаган коендон окшош кырк тулпар мамыда байлалуу болсун. Кырк
жигитим өзүмө союп каптагандай окшош болсун. Аттардын бир ыптасы ак, бир
ыптасы кара болсун. Кийген кийимдин бир тарабы ак, бир тарабы кара болсун»
деп, буйрук берип, уктап калды. Эртең менен турса айткандары бүтүн
орундалган.
Абышка баласынан: «Канга эмне деп айтып барайын» деп, сурады эле, бала:
«Канга барып, күйөө келе жатат, күйөө көргүлө деп айт» дейт. Абышка байталын
минип алып, «Чу» коюп канга барат да: «Күйөө келатат, күйөө көргүлө» дейт. Кан
вазирлерине: «Элди көчөнүн эки жагына тизгиле, күйөө көрүшсүн» деп буюрат.
Эл жолдун эки жагына тизилип, баланын келишин күтөт.
Күн шашке ченде бала кырк жигитин алып, шаан-шөкөт менен көчөнүн
аягынан кирип, кеч бешим ченде көчөнүн башына чыгышат да кетип калышат.
Көчөдө турган эл «күйөө көрдүңбү?» деп, бири-биринен сурашат. Анда бир даары:
«Көрдүк, кара ат минип, кара кийим кийип, жанына кара кийим кийген кырк
жигит алып, өттү» дешти. Бир даары: «Жаныңарды жебегиле», ак ат минип, ак
кийим кийип, ак кийимчен ак атчан кырк жигит ээрчитип өттү» дешти. Акыры
талаш чоң чатакка айланып, эки көчөдөгү адамдар мушташып көчөдө кан төгүүгө
чейин барды. Кандын вазирлери араң дегенде эптеп чатакты басышты.
Абышка болсо: «Ээ, каным, күйөөңү болсо көрдүң, кызыңды бересиңби,
жокпу» деп, демитти. Кан вазирине акыл салды эле: «Эми мындай деп айтыңыз.
Кызымды сенин чөп алачыгыңа бере албаймын. Тетиги көрүнгөн алтын булакка
менин сарайымдай сарай салдыр, мөөнөт беш күн, ага чейин бүтпөсө өлөсүң де,
анан абышканын чындап айласы кетет» дейт. Кан абышкага: «Болуптур, сен
тетиги көрүнгөн алтын булакка менин сарайымдай сарай салдыр, ошондо берем.
Мөөнөт беш күн, андан кечиксең, кыз бермек түгүл, башыңарды алам» деди. Чал
«болуптур» деп үйүнө кайтты. Арадан төрт күн өткөндө бала атасынан сурады:
«Кан эмне деп айтты?» «Ээй балам, кан эмне деп айтсын. Алтын булакка менин
сарайымдай сарай салдыр. Эгер беш күндө бүтпөсө, башыңды аламын» деди дейт.
Анда бала: «Болуптур, кайгырбай жата бериңиз» деп, өзүнүн жата турган жерине
барды да, Жаннатка: «Эртең менен тетиги алтын булакка бардык эл таң
калгандай сарай салынсын. Ал кандын сарайы бир катар болсо, меники үч катар
болсун. Төркү үйүнүн төрүнө төөдөй алтын, эшигинин алдына аттай алтын
коюлсун» деп буйрук берип, жатып уктап калды.
Эртең менен болгондо кандын шаарын алтын булактагы ак сарайдын нуру
жаркырап каптап калган экен. Көргөн эл аң-таң калып, таңыркап калышты.
Абышка канга барып: «Кызыңды бересиңби, жокпу?” деди. Кан айласыздан
кызын берди. Баланын көңүлү жайланып, кызды баккан ата-энесин алтын
булактагы сарайга көчүрүп барып, жыргап жатып калган экен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 × 4 =