«Жаңы жыл» – Каныкей Эралиева

Жүрөк эргип кагылып,
Санаа жеткис жанылык.
Кирип келет аздан соң ,
Жаңы жылым жаңырып,
Жаңы бакыт агылып.

Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен, 
Жаңы Жылды тосолу!

Жаштар дагы карылар,
Кубангыла баарыңар.
Жаңы Жылдын айрыкча,
Айтып бүткүс жагы бар,
Айтып бүткүс жагы бар.

Биз да добуш кошолу,
Күлкү менен шат менен, 
Жаңы Жылды тосолу!

Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели,
Соо жүрөлү дешели.

Биз да добуш кошолу,
үндү бийик созолу,
Жаңы Жылды тосолу.

Биз да добуш кошолу,
үндү бийик созолу,
Жаңы Жылды тосолу.

Жаңы Жылды тосолу! 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

два × 4 =