ЗАМАНДАШЫМА

Жашыл-ала жагоо тагып желбиреп,
Жакшы өмүрдүн жарашыгы биз элек.
Жаштык күндүн ар бир соккон сагаты,
Жаш сүйүүдөй койнубузда эркелеп.
Кызыл-ала жагоо тагып желбиреп,
Кызык күндүн кызыктары биз элек,
Кымбат күндүн ар бир соккон сагаты,
Кыз баладай койнубузда эркелеп.
Жашоо эркине жаратылып бир ирет,
Карап көрсөң кандай эмгек кылдым деп:
Кайран күндөр бекер кеткен экен деп,
Ойлоп-ойлоп өкүнөрүң ким билет?..
Сонун күнгө жаратылып бир ирет,
Санап көрсөң кандай эмгек кылдым деп,
Сайран өмүр Текке кеткен экен деп.
Самап-самап сагынарын ким билет?
Кеткен кемтик жакшы ыр менен жетилет,
Андай болсо, көп кечикпей кууп жет.
Доорубузга каухар чачып калалы,
Алдыбызда канча күн бар ким билет?
Жаштык айып таттуу ыр менен жетилет.
Андай болсо, көп кечикпей кууп жет.
Заманага жыпар төгүп калалы,
Дагы канча жашоо калды ким билет?..
14/II 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

десять + 19 =