БИРИНЧИ ДЕПУТАТ

Колхоздо мол түшүмчүл адамдар бар,
Заводдо жаңы өнөрлүү балбандар бар,
Илимге, искусство, техникага –
Кошумча акылдарын салгандар бар.
Маршалдар, генералдар жана башка
Өлкөмдө нечен асыл адамдар бар.
Дем кошуп бул эрлердин эмгегине,
Урматтап улуу сыйлык деңгелине,
Шайлайлы добуш берип, өкүл кылып,
СССР Жогорку Улуу Советине.
Дүңгүрөп депутаттык даңкы чыгып,
Сыналсын бүткүл совет элдерине.
Мекендин эмгек сүйгөн уул-кыздары
Ааламды солкулдаткан баатырлары.
Инженер, академик ойлоп тапкыч,
Мугалим, чебер артист, акындары,
Шайлоодо эң биринчи добушту алсын,
Элимдин ушул өңдүү асылдары.
14/II 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

два × четыре =