Дайранын көркү кемеде, Баланын көркү энеде. Акыл айтсаң тыншабай, Акмактын көркү жемеде. Эчкинин көркү — төл менен, Эгиндин көркү — жер менен, Эликтин көркү — төр менен, Эр жигит көркү — эл менен. Жаман адам белгиси Өз камы үчүн жүгүрөт. Жакшы адам белгиси Эл камы үчүн куйунет.