НАСЫЯТ

Созу: Токтогулдуку
Обону: М. Касейдики

Дениң соодо эринбей,
Бекерликке берилбей.
Эркиң менен жумуш кыл,
«Эринчек жалкоо» – дедирбей.
О, деги, эринчээк жалкоо дедирбей.

Ырыс алды ынтымак,
Ыгын таап кол кармаш.
Билими бар азамат,
Бири-бириңе жардамдаш.
Дайыма бири-бириңе жардамдаш.

Жашооңдо жаркын өнөр тап,
Кор кылбай асыл жанды бак.
Эрдин көркү эл менен,
Эмгегиң менен элге жак!
Ар убак эмгегиң менен элге жак!

Камбаркан

Созу, обону: Элдики

Баба Камбар барк алып,
Баалап черткен абалтан.
Кыйла кылым жанырды,
Куунун башы Камбаркан.

Ала-Тоого аздектеп,
Арнап черткен абалтан.
Урпактарга мурасын,
Улап черткен Камбаркан.

Тоо булбулу Токтогул,
Толгой черткен абалтан.
Карамолдо, Ыбырай,
Кайрып черткен Камбаркан.

Куронкой, Муратаалы аталар,
Куулоп черткен абалтан,
Куну бугун угулат,
Куунун башы Камбаркан.

Жаштарга акылым

Эсин болсо эр жигит,

Энендин сутун актагын.

Эптеп бир куш кармасан,

Эбин таап таптагын.

Талабын болсо издеген

Эсирбей баркын сактагын.

Этине сиңет ширеси

Эмгегин менен тапканын.

Эл ичинде ар дайым.

Эсинде болсун тапканын,

Эси жок жанча акшыйып

Эригип бекер жатпагын.

Балдарга насыят

Ырыскынды бекерге,
Төкпөгүлө, балдар ай.
Акарат кылып бирөөнү,
Сөкпөгүлө, балдар ай.
Бирдин көөнүн оорутуп
Кетпегиле, балдар ай.
Түбү кандай болушун,
Эстегиле, балдар ай.
Каяша сүйлөп, сөз кайрып,
Турбагыла, балдар ай
Шоктук кылып бирөөнү,
Урбагыла, балдар ай
Атка минсең, сылантып,
Токугула, балдар ай.
Илим-билим пайдалуу.
Окугула, балдар ай.

Барпы

Улгу ырлар

Дайранын көркү кемеде,
Баланын көркү энеде.
Акыл айтсаң тыншабай,
Акмактын көркү жемеде.
Эчкинин көркү – төл менен,
Эгиндин көркү – жер менен,
Эликтин көркү – төр менен,
Эр жигит көркү – эл менен.
Жаман адам белгиси
Өз камы үчүн жүгүрөт.
Жакшы адам белгиси
Эл камы үчүн куйунет.

Токтогул