ТУУЛА ЭЛЕКТЕ КӨРГӨНДӨРҮ


Өз атам туула электе чоң атамдын жылкысын кайтардым эле. Тууй элек бээни
саап, тигиле элек сабага куюп, ичпей мас болдум. Чыга элек талдын чырпыгынанукурук кыйып, эше элек жиптен боо тактым. Чыга элек табылгынын түбүндө тууй элек коён атыптыр. Жасай элек таяк менен урдум эле, казыла элек ийинге кирип кетти.
Бир үч арык туруптур: экөө кургак, бирөө суусу жок. Үч арыкта үч балык бар
экен, экөө өлүк, бирөөнүн жаны жок. Анда үч киши туруптур: экөө жылаңач,
бирөөнүн кийими жок. Ал жылаңачтын этегине жаны жок балыкты салып берип келе жатсам, үч там туруптур: экөөнүн төбөсү жок, бирөө тешик. Ал үч тамга кирсем, үч казан туруптур: экөөнүн түбү тешик, бирөөнүн түбү жок. Түбү жок казанга жаны жок балыкты салып, от жакпай бышырып жебей тойдум.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

восемь + 9 =