(Ж. Ж. ларга) Теңтуштарым, капа жеңген ойнуңар, Кабак бүркөө, кыялымды жойдуңар. Күлкү менен жүрөгүмдү эзилтип, Койгулачы такыр болбой койдуңар. Максатыбыз дагы окууга кетербиз, Бирге чечкен оюбузга жетербиз. Теңтуштарым сакал чыгып калганда, Дагы ушинтип, алыша алар бекенбиз? 1935