Таарынба, курбум, таарынба,
Адатым жаман — кат жазбайм.
Таарынсаң мейлиң, өзүң бил,
Бирок мен жаман санашпайм.
Акылың бар, эсиң бар,
Өзүң байкап карасаң!
Бүтүп койгон ырым жок,
Кай бетим менен кат жазам?
Заманым — ырдын заманы,
Шаарым — ырдын шаары.
Калкым — ырдан жаралган…
Ырдан күчтүү күч барбы?..
6/ХI 1946
Чолпон-Ата
ТААРЫНБА КУРБУМ, ТААРЫНБА
Датасы: 29.12.2021