Токто айдоочу, токто курдаш, токтоңуз, Тачанкага бир пар жакшы ат кошконбуз. Тең баралы жай айдагын десек да, Чаңга бөлөп чычалатты автобус. Бир күүлөнсөк, жүз чакырым жолдобуз, Бүгүн кечте Балыкчыга конобуз. Күр… күр… эткен моторуңдан садага, Сени айдаган шопуруңан, автобус. 6/ХI 1946 Чолпон-Ата