ТӨРТ ЖЫЛДАН КИЙИН

Ким да болсо, жаш кезинде
Жаш күнүнө мактанар.
Мындан баштап, не бир сонун,
Кызык күндөр башталар.
Гүл ээрчитип, желге минип
Туура айга алпарар…
Жигит, кыз да экөө бирдей
Курар турмуш, тапталар…
Мага ушундай көп ой келет,
Кандай экен башкалар?
Күн ачылды бир аз мурда
Жамгыр жааган дыбырап.
Болбой такыр, курбум мага,
Бир жаңы иш шыбырап.
Мен кошулам, бирге болот
Ойлор келет зымырап.
Жашчылыктын максаты да,
Ал биз үчүн кыдырат.
Кечир сулуу, мен эмне айтам,
Ойло, муну ойлор чак.
Келдим. Айыл тааныган жок,
Алда качан унуткан.
Бу ким эле, деп тоо сурайт.
Үстүндөгү булуттан.
Бирдеме деп жооп айтат,
Тоо түшүнбөй болот маң…
Сулуу кызга ушак айтып.
Менден көңүл сууткан.
Мына ушул: ээ дал өзү
Суу алган кыз кудуктан.
Келчи сулуу, тааны мени,
Балким чоочун өңдөнөм
Тосчу сулуу алкымыңды
Төрт жыл сени көрбөгөм.
Ак жүзүңдөн мен өбөйүн
Төрт жыл сенсиз чөлдөгөм.
Мунуң ката жашыбачы,
Турам, мына, өлбөгөм…
Сулуу мени айып этпе,
Токтот, жүрөк жалынын.
Алкымыңа тагы калды,
Кантем анан сагындым.
Төрт жыл бою сакталган ой,
Чешчи сулуу бардыгын.
Төрт жыл мындан жүрдүм алыс
Көрбөй тоонун гүлдөрүн.
Сен сулуу кыз ойдо болдуң,
Үзгөнүм жок күдөрүм.
Ай сагындым жаш күнүмдүн
Айы чыккан түндөрүн.
Анан кантем жашык болуп,
Көнгөн тура жүрөгүм.
Бирок сулуу муну да бил,
Мен да бекер жүрбөдүм.
«Менин жарым кетти төрт жыл
Колу жумшак дебегин.
Көргүн өзүң чоң далымды
Көзүң менен ченегин.
Сүйөм сени, иштейм бирок,
Издейм турмуш керегин.
Менин айткан бул сөзүмдүн,
Тапкын сулуу себебин.
Койчу сулуу кубанасың,
Неге жашың агыздың?
Өлгөнүм жок, турам мына,
Дейсиң улам жалгызым
Кечир сулуу, мунуң ката,
Жалгыз эмес, сансызмын.
Бирок сүйүү сүйүү кыйын,
Учуп гүлгө жабыштым.
Төрт жыл жүрдүм акыр сулуу
Өзүң менен табыштым…
Айтсам, сулуу ээн түндөрү,
Күтүп көпкө жаткансың.
Туруп чочуп келдиби деп,
Түндө чырак жаккансың.
Мен келгенче төрт жыл өтүп.
Сен да кетмен чапкансың.
О, мобулар, комсомолдор,
Менмин аттан түшкүлө.
О, айылдан өскөн жаштар,
Туура келем күчүңө,
Колхозчулар кырман басар
Кызып эмгек үстүндө:О, Алыкул, садагасы
Түндө кирген түшүмө
Эх… өзгөргөн, бул өзгөргөн,
Ой, карап көрчү күзгүгө!
Абышкалар, күбүр-шыбыр,
Жумуп бармак санашат.
Бирден төрткө жыл чубуртуп,
Кээси кайра адашат.
Айылда өскөн, көп кыз турат,
Баары жалжал карашат.
Сүйгөн сулуу кыз тобунда,
Алар менен жанашат.
Сезем, мени ал өзгөчө
Бербечүдөй талашат.
4/X 1935

Автор

Салта

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

20 + десять =