МАЯКОВСКИЙГЕ

Анчейин – мен
Сени туурап
Сенче ырдап.
Бирок –
Ошончолук,
Акыл-ой
Курап,
Мен – чындап…
Жолдош!
Башкача айтсам,
Социалисттик
Улуу доордун
Коркпос,
Эр
Жеке –
Миңдик
Оратору –
Акыны,
Найзасы бар
Баатыры,
Владимир
Маяковский!
Мен!
Ушул ырларымды
Түгөтө ырдабай туруп
Айтарым:
Табыштап,
Кызуулап,
Кыйкырганымды
Жакшылап ук
Берем!
Өмүрдү,
Жашты!
Адамдыгым,
Акындыгым,
Акталсын!
Чиркин жан,
Калбасмын сууп
Ушул баштан:
Ойлормун,
Ойлормун,
Ойлормун
Шумдук.
Ырларымдан
Бомба жасап
Эй!..
Дүңгүрөтөрмүн,
Бир
Уруп!
«Жашасын» кур кеп
Үгүт… үгүт,
Ушуга ондоп –
Андан да көп,
Жыл кетти…
Бул керек!
Орустардан
Саша Безыменский
Александр Жаров!
Кирсановдор
Ушул жолдуу
Сызыктуу
Ырлар менен
Караңгы түндөрдү
Сүйлөттү.
Бизден:
Аалы,
Мукай,
Жоомарт,
Жусуп,
Кубанычбек Маликов!
Ушул үчүн
Далай
Мээ –
Түгөттү
Бул,
Максат!
Адамдык үчүн күрөшүү
Муну,
Маркс –
Энгельс
Ленин
Үйрөттү…
11/Х 1935

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

один + 10 =