СУЛУУЛУККА

Сабырсыз жатып таттуу уктап,
Көшүлтүп уйку жуп-жумшак,
Селт этип чочуп көз ачсаң,
Агарып атып чыгыш жак.
Уялчак жаңы сүйүүдөй
Көшөгө тартып чыгыш жак.
Сабырдуу күткөн тынчтыкка,
Кызыл нур чачып чыгыш жак.
Бул бир жеткен сулуулук.
Ошол күн кайра күн батып,
Дагы эртең келет түн катып.
Жайдын жука булуту
Кайдандыр чыгып узатып,
Күндүн батар шоласы,
Күн батыш жакты кызартып.
Ой таасирлүү бул мезгил
Бир кезде жаңы сүйүшкөн,
Бир кезде күйүп айрылган
Сагынычты эске алып,
Гүл ачкан жаңы өмүрдү
Жашаткың келет узартып,
Күндүн батар мезгили
Алдыңа- узак жол тартып.
Бул да мага сулуулук.
Көп балдар теңтуш катарбыз
Бүгүнкү түн да кандай тынч.
Жайлоонун коңур түнү эле,
Короо имерип жатабыз,
Тийишип кыздар тобуна
О, бекбекей айтабыз.
Тийген айдын нуручу,
Сулуулук тартат көз алгыс,
Бирде ойноп, бирде ырдап
Түнгө чоор тартабыз.
Тоо эли баткан жыргалдын
Кызыгына батабыз.
Ушул түн мага сулуулук.
Кечээ мен күйдүм бир ишке,
Сүйгөндөр эгер билишсе.
Мен сүйүп жүргөн кара көз,
Тийиштүү болор бул сизге.
Айтсам да жүрөк күйүтүн
Сенсиң тандап сүйгөнүм.
Ыракат бизде, күн бизде,
Дегениме бүркөлгөн
Кыялыңыз бул эмне?
Сүйүүдө жүрөк күйүү бар,
Анык сүйө билгенге.
Жүрөктөн каным тамчылап,
Көзүмдөн мөлт-мөлт жаш чыгат,
Кадырды билбес кыялың,
Сакталып калды бул менде.
Эчтеке эмес турмушка
Кирүү керек үйрөнө.
Жашчылык күнүң ошентип,
Жаралат тура дүйнөгө.
Бул дагы мага сулуулук.
Жаралып кайра жаркырап,
Өнгөндүн баары сулуулук.
Өмүргө жаштык баш ийип
Көнгөндүн баары сулуулук.
Жашап турсаң дүйнөдө
Көргөндүн баары сулуулук.
1937

Сезчи сулуу, чын сүйгөндүн сулуусу
Сезчи курбу, таалайлуунун курбусу.
Жаштык бизде сезчи тууган жериңди,
Сонун күндөр, бизге келген мына ушу!


Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пятнадцать + 8 =