БЕШИК ЫРЫ

Эл уйкуда,
Терезеден ай нуру
Бетке тийип таттуу кылат уйкуну.
Не бир кызык,
Түштөр бөбөк түшүндө,
Элпек эне тынчсызданат утуру.
Укта бөбөк, укта бөбөк, уктачы
Алдей, алдей таттуу уйкуңду бузбачы.
Жылдыздар да бөбөк кылып алсак дейт,
Коммунизм бешигине салсак дейт.
Сен эр болуп, жеңип дүйнө асманын
Туу көтөрүп, Кремлге барсак дейт.
Укта бөбөк, укта менин жылдызым,
Укта бакыт, укта шоолам, ырысым.
Эне уйкусуз уулун алып колуна,
Эл жылдызын улам кысып бооруна. .
Түн оодара бөбөк жолун аңтарат,
Болочоктун санаасы көз алдында.
Укта бөбөк, укта сонун болочок,
Өткөн күнгө сыздабассың бизге окшоп.
Бир азда эми тамтаң-тумтаң басарсың,
Ата, эненин көңүлүн бир ачарсың.
Ошент бөбөк, ошент күлкүң чыкса экен,
Балалыгын эстеп көбү жаш алсын.
Ооба, бөбөк, ыйлаганды коёрсуң,
Көп-көп балдар арасында ойнорсуң.
Заман сага –
Бар өнөргө берди эрк.
Буга бөбөк сен эртерээк өсүп жет,
Бир жылдарда, бир сентябрь айында,
Дердеңдерсиң мектепке окуп келдик деп.
Ыйла бөбөк, ыйлабасаң эмчек жок,
Тырыш бөбөк, тырышбасаң эмгек жок
Чоңоёрсуң тентек улан болорсуң,
Кырчын байлап, муун катып толорсуң.
Большевиктер жеңип кеткен азаптын
Изин окуп, жаңы дүйнө согорсуң.
Укта бөбөк, далай сонун күн өтөр,
Укта бөбөк, Ленинизм үйрөтөр.
Так ошондо, так бүгүнкү май айы,
Колтуктарсың беш көкүл беш саамайды,
Сүйгөн кызга өзүң сүйгөн эркти айтып,
Жалынтарсың жарокерлүү далайды.
Өскүн бөбөк, кызыл гүлдөй өсүп жет
Жашсың бөбөк, сенде бирок көп милдет.
Күчүң толор, элим жигит болду дээр,
Чыгыш жакка же батышка жиберер,
Эне сүтүн актап кайра кайтканда,
Үч көтөрүп, үч түшүрөр тууган жер.
Ооба бөбөк, буга өсүп жетесиң
Буденныйдын атчанына кетесиң.
Жер кыдырып деңиздерге сүзөрсүң
Океандан океанга түшөрсүң.
Уулдарга жомок кылып айтарсың,
Бир доордо большевиктер күрөшүн.
Укта бөбөк, көрбөгөндү көрөрсүң
Укта бөбөк, көнбөгөнгө көнөрсүң.
Маркстен сен көп сабактар аларсың,
Дарвинди да далай ачып карарсың.
Укта бөбөк, таттуу уйкулуу көзүңдү ач,
Адамдыктын ыракатын табарсың.
Укта бөбөк, уктай койгун дегеним,
Күрөш, кармаш! Уйку издегин дебедим.
Термел бешик,
Термел бешик тынч термел.
Коммунизм жылдызына уйку бер.
Бөбөк сага бир ырыстуу жылдызды, ,
Бул бешикте терметүүчү күн келер.
Укта бөбөк сенин күнүң сонун да,
Жашоо жолу эркин тиер колуңа.
Жылдыздар да бөбөк кылып алсак дейт,
Коммунизм бешигине салсак дейт.
Сен эр болуп жеңип дүйнө асманын
Кремлге туу көтөрүп барсак дейт,
Укта аппагым, укта чолпон жылдызым,
Укта бакыт, укта шоолам, жылдызым.
Күндөрү ойноп тентек бала кезиңдин,
Ачып кирер коммунизм эшигин.
Укта бөбөк бардыгына жетесиң,
Ай менен күн ортосунда бешигиң.
Укта бөбөк,
Укта бөбөк,
Уктай кой.
Убайымсыз –
Жыргалга ашар сендеги ой.
1937

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

три + 2 =