САЛЮТ

Душмандын сындыра атып күнүн, айын
Эр Маскөө күндө салют берген сайын,
Тынчтык күн улам бери келе жатат.
Жоодурап күлгөнүнөн кагылайын.
Айбандын ойрон кылып жаткан жайын,
Берлинге улам жакын калган сайын
Бакыт күн, биздин үйгө келе жатат,
Бакыбат мүнөзүнөн кагылайын.
Өпкүлөп бул жылдагы сулуу жазды,
Өрчүгөн салют үнү көңүл ачты,
Кончудай биздин салкын калаабызга,
Жыргалдын учуп кеткен карлыгачы.
Куттуктап гүлдүү жайды үстүдөгү,
Кубантат салюттун зор дүңгүрөгү.
Айланат өлкөбүздүн асманында,
Ырыстын алыс кеткен көгүчкөнү.
Кайтарып жаш өмүрдү күлүп өскөн,
Элинен алкыш алат улуу көсөм.
Тынчтык күн сени менен кучакташып,
Көзүмдөн жаш көлдөтүп көрүшпөсөм.
18/II 1945
Койсары

Автор

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1 × четыре =