ҮЛПӨТ ЫРЫ

Жакын түшүп катюша огу чачырап,
Чоң Берлиндин каалгасы качырап.
Биз жетишкен жеңиштерге сүйүнүп,
Бизге кел деп, күндө бир үй чакырат.
Үлпөт берип улуу менен кичүүгө,
Банкет жасап, кадыр-көңүл билүүгө,
Бүт советтин үй-бүлөсү чогулуп,
Ха-халашып бокал кагып ичүүдө.
Жоо тобуна ок жаадырган пулемёт,
Көзү жалын, каны дайра, жүрөгү от,
Улуу майрам, улуу тойдун ичинде,
Жан курдашым, Жоомартымдын орду жок.
Анын ыры, таттуу тилдүү бала эле,
Бул замандын чын сүйүктүү жары эле,
Жорголугун салыштыра келгенде,
Шырдакбектин жоргосундай бар эле.
Күүлдөгөн кош канаты бороондоп,
Байкаганга кыраан бүркүт өзү окшоп,
Бул олтурган көп курдаштын ичинде,
Кайран гана Жусубумдун орду жок.
Анын ыры шекер шербет бал эле,
Бул замандын бактылуу бир жаны эле,
Күлүктүгүн салыштыра келгенде,
Күлүктүгү Көк аладай бар эле.
Кыялы көл, талабы албуут жанган от,
Аркыраган алп кара куш өзү окшоп,
Бул олтурган теңтуштардын ичинде,
Урматтуу ага, Мукайымдын орду жок.
Анын ыры кубат эле, шаң эле,
Бул замандын жанып турган шамы эле,
Болочогун даана карай билгенге,
Толубайдын тулпарындай бар эле.
Кел ичели бокалыңды толтургун,
Жок, ал болбойт, түгөтө ичип олтургун,
Курман болгон досторду да эстейли,
Кечип өткөн бул турмуштун толкунун.
20/II 1945
Кайсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7 − два =