(К. Б… ГА) Сабыр кыл, курбум, сабыр кыл, Шаң чыгат шумкар уядан, Ал сенин ырыс-таалайың Кечиктим деп уялган. Ар бир кымбат нерсенин — Сыныгы бар, кеми бар, Ар бир учкан нерсенин — Токтой турган жери бар. Ар адамдын турмушта Аша турган бели бар; Ар токтогон нерсенин Уча турган жери бар. 9/ХII 1945 Койсары