I
Түгөтө албайм жазып заман ырысын,
Ай, жаштар ай, көрчү ыракат кылышын.
Кызаар болсо, гүлдүн жыты жыттанып,
Байкачы ана, эстүү, сулуу чыгышын.
Жакшы турмуш сулуулукту чыгарат,
Биз эмеспиз сүйүшүүдөн болгон жат.
Жалгыз эмгек өзү бизди өстүрүп,
Артык адам, алтын адам кыла алат.
Салкын бактын мөмөсү өсөт кайталап,
Саргайбасын ырдап булбул кайтарат.
Күнү бою күз өз кейпин түшүрсө,
Күкүгү жок күнүм кимге айта алат.
Сүйүүчүлүк кандан, жандан жасалат.
Жашчылыктын жаш күндөрү башталат.
Жазда чыккан жашыл гүлдү жалбартып,
Булак ырын ырдатпай ким баса алат.
Жок түк болбойт күкүк эркин ырдасын,
Салкын бактын салкынында жыргасын.
Булут менен бирге көчпөс өмүрдү,
Бузбай булак буулукпастан ырдасын.
Сүйүшүү жок кеткен кептер азандан,
Сүйүшүү бар, солгон жүрөк жашарган.
Иште сүйүү, сүйүү иште бүгүнкү,
Жеткен тилек, максат табам жаштардан.
Кыздар десем таңдын нуру элестейт,
Сүйүшүү – от, көңүлүм көлгө кеңешпейт.
Таң азанда таңдын нурун сенсиң дейм,
Жок жүрөгүм, таңдын нуру эмес дейт:
Ойлойм, ойлойм кызды гүл деп санаймын,
Кыздын сырын жүрөктү ачып караймын.
Түк таба албайм, бекем экен ачылбайт,
Сүйүү күнүн, бакты жылын самаймын.
Бакты жылын самаймын деп айтканым,
Башка маани жаштар жакшы байкагын.
Мен сүйүшкөн жарым дешип санашкан
Унутпаймын, убадасын айтканын.
Кыздар деген өмүргө эне өңдөнөт,
Жигит ата, бу өмүргө дөңгөлөк.
Бирок экөө коммунизм таңында,
Жолдор жасап чыгып барат жөргөлөп.
II
Биздин ата, биздин эне кайрадан,
Билегине жаңы кайрат байлаган,
Буларда да өздөрүнчө сүйүү бар,
Өчкөн көздөн жаштык оту кайнаган.
Атам, энем силер эски кишилер,
Кайра чыкты, мурда түшкөн тишиңер.
Мурутуңар, сакалыңар ак эмес,
Иштөө, жашоо, сүйүү, жыргоо ишиңер.
Кой, эски экен,— шейшебиңди ыргыткын,
Таза көйнөк, шайы жууркан кылдырткын.
Калсын кепе, даңгыраган там жаса
Декилдетпей, деги мени тындыргын.
Ата, кечте малдан кайтып келесиң,
Эне, сен да, көп-көп эмгек чегесиң.
Жаңы шейшеп, жакшы жууркан булганат,
Барбы, кайда, кандай кийим бересиң.
Жашай билүү, жашоо күнү бузулбай,
Өз бактысын өз гүлүнөн учурбай,
Мейли жаштар, мейли болсун карылар,
Сүйүү турмуш жолдору бар ушундай.
III
Кээ бир жаштар күткөн жарын жашырат,
Бирин бири мактап айдан ашырат.
Мен да жашмын чын сырымды айтайын,
Ыразымын уксаң курбум жакшылап.
Элес кылам басып келип буралып,
Пайда болуп жарык шоола нурданып.
Батпайт алгын, ташып кетти сүйүүлүк,
Деп асманда жылдыздан мен суранып.
Колхозчу кыз кетменин мен чабыштым,
Атын айтпайм ай менен мен тааныштым.
Мени сүйүп, мен да сүйүп жаным деп,
Комсомолдук жүрөгүмдү алыштым.
Оо ал азыр, чоң шаарлар тоюнда,
Кыргыз эли берген милдет моюнда.
Ал, ал жакта, иштейт, окуйт, тырышат
Кетпейт бирок сүйүүчүлүк оюнда.
Анын берген сүрөтү бар, өзү бар,
Ойноктогон, жанган кара көзү бар.
Маскөө жактан мага жазган катында,
Мындай деген унутулбас сөзү бар.
«Жаштык деген кыйын экен сагындым,
Ар турмушка көндүм, быштым кагылдым.
Жок, жок чыда, окуп техник боломун,
Ойлоруңа ой туудурам баарыңдын».
Техник болот курулуштар салдырат,
Биздин тоого, күн шооласын жандырат.
Менин жарым, өз элине жан берип,
Көп заманга өчпөс даңкын калтырат.
Мен өзүмдү, түк токтотпойм шаштырам,
Талантымдан таңда ырлар жаздырам.
Көп-көп кылым бир кирдетпей окуучу,
Жаштарга арнап жаңы томдор тапшырам.
Комсомолдор сүйүшүүгө чыгабыз,
Кыялыбыз суз жүрүүгө чыдамсыз.
Сүйүү менен душман жеңбес эр болуп,
Өлкөбүзгө далай жумуш кылабыз.
Келет жарым, жыйырма бешке жеткенде,
Сүйүүчүлүк толук сабыр эткенде.
Комсомолдор, кыйбат сүйүп жөнөтөт,
Маскөө калат поезд жүрүп кеткенде.
Бирок максат, муну менен чектелбейт,
Муну менен сүйүүчүлүк эп келбейт.
Биз окуйбуз жеткен адам болобуз,
Толкунбуз биз, эч эчтеке кептелбейт.
Сүйүүчүлүк деги сүйүү шашпачы,
Менин жарым, катты көп-көп жазбачы.
Курбум мени сүйүшүүгө жеңдирбей,
Кана деги, жаңыча иш баштачы.
Келчи кана сагынычтык таралсын,
Күткөн жүрөк демин кенен ала алсын.
Комсомолдор ысык сүйүү доорунда,
Ленин өңдүү гений адам жаралсын.
1933