МЕН ЭМНЕДЕН УЯЛАМ

Мен уялбайм, сүйбөдү деп жаш теңим,
Же болбосо аты назик ак келин.
Ая, жаным, антпе дешке чолом жок,
Чынын айтсам андай ишке жок эбим.
Мен уялбайм дайым бүркөө түрүмдөн,
Жаш болсом да картка окшогон сүрүмдөн,
«Койдум, курбум, мунум жаман» – дей албайм,
Өзгөрмөй жок жаралган түс, гүлүмдөн.
Мен уялбайм ал кетирген оорумдан,
Баскан күндө төрт аяктап боорумдан.
«Кантем, апа, ушинтемби, я», – дебейм,
Сөөгүм чыкпайт бараткан түз жолумдан.
Мен уялбайм балам жок деп соңумда,
Жал-жал күлгөн жарым жок деп оңумда,
Балам, жарым – доорум үчүн шилтенген
Найза учунда, зор замбирек огунда.
Мен уялбайм кедейликтен, жоктуктан,
Тапкым келсе, жок колунан чок чыккан.
Менин казынам, байлыктарым миномёт,
Батыш жакта жоо калаасын коркуткан.
Мен уялам, мына мындан уялам
Көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам.
Колун кезеп жолуң болгур дегенсийт,
Жер шарынан күлүк учкан заманам.
11/XII 1944
Койсары

Автор

Салта

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

три + 13 =