Бүтө элек чөп чабыгы, көп жер жатат,
Кайда али, беш-он гана үймөк жасап…
Аңгыча ал менчи деп кол булгалайт,
Апийим бир кыл аппак гүлүн таштап.
Башкарма кенен жатып уйку татпай,
Миң ойлоп, эч бир оңой амал таппай,
Бир бөлүп өң аялды апийимге,
Чапкылайт көңлү тынбай ары карай.
Ортолоп эки тилим эми гана,
Кыруунун кызуу кези башталганда,
Орбосоң күбүлөм деп күлүн турат,
Теңселип, тегиз ырдап алтын арпа.
Күндөр да өчөшкөнсүп башкача ысып,
Ак буудай жылдагыдан эрте бышып…
Күч жетпейт, азаматтар батыш жакта,
Сыр бербейт, колхозчулар демин кысып.
Бир иштен экинчи иштин кемдиги жок,
Андыктан муну «антип таштап коёт.
Ошондой зарыл учур мезгилинде
Талаага эр комбайн пайда болот.
Болот миз үч кулачтай тишин салат,
Орулуп арпа «улайт шалак-шалак.
Кызылдан ошол замат данын төгүп,
Бат эле бир гектарды эки айланат.
Алыстан карап турган колхозчулар,
Ичинде бригадир бар, башкарма бар,
Рахмат комбайным деп күлүшөт,
Дем кирип, бардык жумуш агат шар-шар.
Комбайн – колхозчу үчүн бакыт-таалай,
Эң жакын кичүүсүнүн агасындай.
Жана да агасы үчүн инисиндей,
Атанын баатыр жакшы баласындай.
Ушинтип түшүмдүү жыл ар күз сайын,
Жаңырып мыкты оңдолуп келген дайым.
Ак буудан ойдогуңдай бышып берсин,
Сен үчүн айланайын, ай комбайн.
13/ХII 1944
Койсары
КОМБАЙН
Датасы: 29.12.2021