- Шагылы болбой зоо болбойт, шайыры болбой эл болбойт
- Шайтан өзү жетпеген жерге молдону жиберет
- Шак мөмөлөгөн сайын ийилет
- Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз, такылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз
- Шамал жерди кургатат, байлык элди жыргатат
- Шамал жерди кургатат, жамгыр жерди жыргатат
- Шарыят буйлалаган төө, кайда жетелесең кете берет
- Шашкан коён, аңга батпайт
- Шашкан шайтандын иши
- Шашылган кыз эрге жетпейт, этеги жерге жетпейт
- Шеги бар — шектенет
- Шодокондун бүркүтүндөй жутунбай
- Шыбыр — кеп болбойт, шыйрак — эт болбойт
Макал
Датасы: 15.10.2020