Макал

  • Чаап айтканча таап айт
  • Чаба албаган, чалгы тандайт
  • Чабал өрдөк мурда учат
  • Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө
  • Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот
  • Чакыргандан калба, өзүң басып барба
  • Чакырылбаган конок, татардан жаман
  • Чала молдо дин бузат
  • Чала өлтүргөн жыландай
  • Чапанчага камчы чапса, көйнөкчөнгө доо кетет
  • Чапкан сайын көз чыкпайт, айткан сайын кеп өтпөйт
  • Чаппаса билекте калат, айтпаса жүрөктө калат
  • Чапчаң ат арышын таштайт, баары бир күлүктөн ашпайт
  • Чатак сүйлөп чычаалак – чыр адамдын мүнөзү, токтоо сүйлөп жай айткан – сабырдуунун мүнөзү
  • Чатактын түбүн калыс айткан сөз чечет
  • Чептен эрдин күчү бек
  • Чечен – сөздүн эбин табат, дайым кептин кемин табат
  • Чечен алжыса, атагын жейт
  • Чечендин – сөзү алтын, устанын – колу алтын
  • Чиелешкен түйүндү чечиш кыйын, уюлушкан душмандан кетиш кыйын
  • Чийки бышып даамына келет, жаш чоңоюп алына келет
  • Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү ырсаят
  • Чөбү жок деп жерден түңүлбө, малы жок деп элден түңүлбө
  • Чөп жыйнаган малын багат, мал жыйнаган жанын багат
  • Чөп көп жерде бука семирет
  • Чөп ширеси мал семиртет, кеп ширеси жан сергитет
  • Чыгаша чыкпай, киреше кирбейт
  • Чыккан кыз – чийден тышкары
  • Чыккан мээнет – кирген дөөлөт
  • Чыккан тооң бийик болсо, ыргыт канташың ыраак түшөт
  • Чымчык өзүн жан ойлойт, чырпык өзүн тал ойлойт
  • Чын жакшынын ачуусу бар, кеги жок
  • Чын чычалайт, калп каткырат
  • Чынын айткан чырдан алыс, калпты айткан болбойт калыс
  • Чыр аялдын күйөөсү эрте карыйт
  • Чырайлуу көзүнөн эмес сөзүнөн
  • Чычкан көчүгүн көрүп аксайт

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

девятнадцать − двенадцать =