- «Сиз», «Биз» деген сылык сөз, «Сен», «Мен» деген сенек сөз
- Сабырдын түбү — сары алтын
- Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт
- Сакадай бою сары алтын
- Сакалдан айрылсаң, мурут койбо
- Сакалдын көркү чалда, сулуунун көркү калда
- Сактансаң — сактаармын
- Сактыкта кордук жок
- Санаа тарткандын ичкени — ирим, жегени — желим
- Санаасы жок сары сууга семирет
- Санабай туруп түгөл дебе
- Саны бар сапаты жок
- Сараңдын казаны кайнабайт
- Саргара жортсоң — кызара бөртөсүң
- Сарт — санаасы менен байыйт
- Сарт үйүн көргөндө чабат
- Саяк жүрсөң таяк жейсиң
- Сиркеси суу көтөрбөйт
- Соко бир кишини багат, соода миң кишини багат
- Сокур атка котур ат үйүр
- Сокур намыс баш жарат
- Сокурдан күзөтчүң болсо, элиңди жоого алдырат
- Сокурдун тилегени — эки көз
- Соодада достук жок
- Соргоктун көөнү казанда, сопунун көөнү азанда
- Союл камдаганга — токмок көтөр
- Сөз — жип, кандай созсо кете берет
- Сөз баштаган, эл баштайт
- Сөз билгич адамдын, ар сөзүндө бир тузак
- Сөз доодон да куткарат, жоодон да куткарат
- Сөз сөөктөн өтөт, чучукка жетет
- Сөздү билген таап айтат, сөздү билбеген каап айтат
- Сөздү убагында айтпаса — атасы өлөт
- Сөздү уккан жерге айт, сууну сиңген жерге сеп
- Сөздүн атасы — ыр, сөздүн катасы – чыр
- Сөзү аздын иши аз
- Сөзү экинин — иши да чеки
- Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе
- Сөөктүн эң жаманы суу кечирет
- Суктан сураба, сараңга бербе
- Сулуу сулуу эмес, сүйгөнүң сулуу
- Сулуулугунан — жылуулугу артык
- Сулуулуктан — жылуулук
- Сулуунун этеги кургабайт
- Сунган башты суурган кылыч кеспейт
- Сунган колду сындырба
- Сураган жеңил, жооп бериш оор
- Сурай — сурай мекеге барат
- Сурап бергиче, уруп бер
- Суу — жашоонун булагы
- Суу ичкен кудугуңа — түкүрбө
- Суудан өткөнчө энемди берейин, суудан өткөндөн кийин энегимди берейин
- Сууну көп кечсең — балчык, сөздү көп айтсаң — тантык
- Суюктун баары cорпо болбойт, теринин баары көрпө болбойт
- Сүйбөгөнгө — сүйкөнбө
- Сүйлөй-сүйлөй чечен болот, көрө-көрө көсөн болот
- Сүйүнгөндөн маңдай айрылып, корккондон жүрөк жарылып кетпес
- Сүйүү менен жаша, күрөш менен өл
- Сүткө түшкөн чычкандай
- Сый — сыйга жарашат, сый билбеген адашат
- Сыйга — сый, сыр аякка — бал
- Сыйлаганды билбеген, сыйпалаган көр сокур
- Сыйлаганды күтө бил, кыйнаганды түтө бил
- Сыналбаган атка сын салба
- Сынчынын сыңар өтүгү майрык
- Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт
- Сырты жылтырак, ичи кылтырак
- Сырыңды айтсаң бирөөгө, каласың катуу күнөөгө
Макал
Датасы: 15.10.2020