МАЙЧЫ МЕНЕН МАЛ ДОКТОР

Арпадан эки дос көрдүм,
Экөөнү бирдей мактайын.
Жан кыйышпас достордун,
Досчулугун айтайын.
Майчынын аты Мааданбек,
Сол бутунан сылтыган,
Кечеки кандуу согушта
Сонун-сонун иш кылган.
Доктордун аты Дооранбек,
Оң бутунан сылтыган,
Кечеки кандуу майданда
Кыйын-кыйын иш кылган.
Кошомат кылып дардактап,
Докторго майчы май бербейт.
«Ооз басты» болсун деп,
Майчыга доктор кой бербейт.
Мааданбектин максаты:
Ак мамасын эмизген
Апасы үчүн май жыят,
Дооранбектин максаты:
Жорго тайын мингизген
Атасы үчүн кой жыят.
Апасы ким булардын?
Апасы – алтын Ата журт
Атасы ким булардын?
Атадан артык Ата журт.
12/ХI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

шестнадцать − двенадцать =