КӨЛ АТА

Айланайын, көлүм ай,
Асмандай көп көк өңүң ай.
Жайытың ай, түзүң ай,
Жайлооң ай, түрүң ай!
Шамалың ай, желиң ай,
Шайыр өскөн элиң ай,
Тоолоруң ай, жакаң ай,
Жайкалган жашыл жериң ай
Толкунуң ай, шарың ай,
Толкунду тоскон жарың ай.
Токоюң ай, талың ай,
Толуп турган чагың ай!
Эгиниң ай, малың ай,
Алмалуу калың багың ай,
Тарууң ай, майың ай,
Кашка булак сайың ай.
Колхозуң ай, фермаң ай,
Кыштагың ай, айлың ай!
Эмгекке алган энчиң ай,
Совхозуңдун байын ай!
Айланайын, көл ата ай,
Өрүктөй гүлдөп өн, ата ай,
Жыргалыңды көр, ата ай,
Кууралыңды көм ата ай.
12/ХI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

два × пять =