Созу: Сабыракун Сулайманов
Энелер, карындаштар, айымдар,
Куттуу болсун жаз майрамы-мартыңар.
Көтөрүлүп маанайыңар жаркысын,
Жаз айында ачылгандай жарпыңар.
“Дүнүйө” деп куру, бекер наалыбай,
Сак-саламат жүрүңүздөр каарыбай.
Өмүрлөрдүн жашыл гүлүн кыяртпай,
Жашагыла жашыл өскөн арчадай.
Ыракаттуу, жашообуздун шаттуусу,
Силерсиңер бул дүйнөнүн таттуусу.
Жайлоодогу кызыл-тазыл гүлдөрдүн,
Силерсиңер эң бир коозу, наздуусу.
Айтаар сөздүн кыскасы,
Силерсиңер алп турмуштун туткасы.
Жашообузга жарык чачып, нур берген,
Силерсинер асылдыктын устаcы.