КУРБУМА КАТ

Келдим курбум, келгениме жарым ай,
Жарым айдын чайын ичмек бир далай,
Мени менен кошо ээрчишип кыш келди
Кала берди Фрунзеде жылуу жай.
Мен бул жакта тирүү бармын аманмын,
Боюндамын сулуу Чолпон-Атанын,
Атымды айтып, атын сурап таанышып,
Сыйын көрүп мындагы ини, аганын.
Мен келбедим байлык издеп бул жакка,
Байлык – колхоз, кайсы жерде турсак да,
Келдим мында, баатыр жигит, ыр үчүн,
Кыш мезгилде жаздай кызмат кылмакка.
Поэзия – бул адамдын жаны экен,
Күн өтсө да, өчпөй турган шамы экен,
Өмүр, турмуш картайса да аргасыз
Поэзия – улам кайра жаңы экен.
Ал жаңылык кубатынан акындын,
Жаза билсек биздин күндүн баатырын,
Колхоз нанын, жумушчунун өнөрүн.
Улуу акылман кеменгердин акылын.
Келдим курбум келгениме жарым ай,
Жарым айдын чайын ичмек бир далай,
Мени менен кошо ээрчишип кыш келди
Кала берди Фрунзеде жылуу жай.
2/ХII 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

два × 2 =