ГРУНЬЯ САВЕЛЬЕВНАГА

Далай таттуу даам жедим колуңдан,
Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан.
«Начар экен бат оңолсун бала» деп,
Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан.
Ырлар жаздым, кээде сызып, кээде оңдоп,
Бала өстүргөн жаш атадай көңүлүм ток.
«Азгын экен, кантер экен бала» деп,
Сен үшкүрдүң күн кыскасын болжолдоп.
Март да кетти, апрель, май жакындап,
Көктө турна, көлдө каздар каркылдап.
Күнүң бүттү, кайтар мезгил болду деп,
Кош ат келди үй жанына жакындап.
Мени акырын, «аман бол» – деп узаттың,
Көзүн карап өзүм минген боз аттын.
Колумду алып ылдый карай бергенде,
Мөлт, мөлт акты тоголонуп көз жашың.
Алыс кеттим, бармын, өлүү эмесмин,
Мен барбасмын, сен да мага келбессиң…
Жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың,
Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин.
2/XI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

восемнадцать − 2 =