КОМБАЙН МААЛЫ

Колхоз сайын, жер сайын,
Кубаттанткан эл шайын,
Колхозчулар «комбай» – деп
Эркелеткен комбайн.
Октон өткүр тишиңиз,
Желден жеңил ишиңиз,
Баатыр сындуу жүзүңүз,
Көсөм сындуу ишиңиз?
Жайкалды күздүк, жайкалды,
Сен жүргөн жакка жайпалды.
Касиетиң ушундай,
Кантип «сен» деп айталы.
Өзүң оруп, бастырып,
Келе кап деп шаштырып,
Өөдө карайт башкарма
Өкмөткө данын тапшырып.
Өзүң жыйнап кызылдап,
Чарчап койбой бышылдап,
Мактанып чабат башкарма
Өйдө-төмөн тызылдап.
Бригадири бек сүйлөйт,
Жигиттер ылдам деп сүйлөйт,
Планды бүтсөк бакыт деп,
Көпчүлүккө эп сүйлөйт.
Эт семизи комбайга,
Нандын агы комбайга,
Күзгү кымыз комбайга,
Барлык ырыс комбайга.
Комбайнчы карды ток,
Көп иштетип, аз оңдоп.
Каада күтүп мостоёт,
Суроо берсең жооп жок.
Ай өмүр ай, алдамчы,
Алдамчы түгүл жалганчы,
Өмүрдүн жаш кезинде
Механик болуп калсамчы?
Ай жаштык ай, жалганчы,
Аным калп деп карганчы?
Калп болбосо – жашымда,
Штурман
болуп алсамчы.
Борборго шондо барсамчы,
Борсоюп окуп алсамчы.
Эч болбосо илинсем,
Тракторго жардамчы.
Ай комбайн, комбайн,
Жаныңда жүрүп жандайын,
Талабыма жетермин,
Таалайлуу эле маңдайым.
Таптаза кандай бууданым,
Семирсе кандай кунаным,
Сени да ошондой сактасын
Антпесе жетер убалың.
7/ХII 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

19 − 2 =