КОЙЧУНУН ЫРЫ

Кош, кош, жөн бас, кула кой,
Жаткан кара, тура гой.
Кемибей түшсөң жайлоодон
Колхозго болом ак жолтой.
Чек, чек, башта, ала эчки,
Жайытты тапкыч «жетекчи»,
Семиртсем текши баарыңды,
Кубанар Көк-Ой фермасы.
Жылт-жулт жүнүң буласа,
Элдердин көзү уялса,
Мактанып туруп мен десем,
Койчусу ким деп сураса.
Шаңк-шаңк күлгөн жарыма,
Басып барсам жанына.
Ударнигим деп сүйүп,
Кучагыма буралса.
Жүнүң кетсе алтынга,
Оор чыкса тартылса,
Этиң жагып дарыдай,
Калкыма балдай татыса.
Жер жерден колхоз жыйналса,
Койлорумду жактырса.
Мактанып туруп мен десем,
Койчусу ким деп сураса.
10/XII 1939

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

два × пять =