Жайлоолор, биз жайлаган ой-тоолорум,
Төрт түлүк мал каптаган боорлорун.
Жыбырай сулуу конгон калың айыл,
Баарына бир боордой болгондорум.
Эриккен көйрөң жаштар итти үрдүрүп,
Салдырып өтүп кетмей жорголорун.
Келиндер сыртка чыгып карап турмай,
Алардын оодарышып ойногонун.
Алдуусун шамдагайы жыгып кетсе,
Эл менен мен да эзилип күлгөн доорум.
2/ХII 1939
БИР АЙЛЫК ДЕМ АЛЫШТА
Датасы: 29.12.2021