КОЙ

Атым – кой,
Затым – кой,
Кой, деп айткан ысымым
Коюлбаптыр ойлонбой.
Кундуздай кара жүнүм бар,-
Кийиз кылсаң опоңой,
Жазында булак сүтүм бар
Жарым айыл тойгондой.
Сүтүмдөн нак майым бар
Сүзөктүү дартты ойгондой.
Жууратым бар, курутум бар,
Тоё жеген жигиттер
Бир күн уктайт ойгонбой.
Балдан ширин этим бар
Планды бүткөн күнгө арнап,
Улуу тойго сойгондой.
Корголум, кыгым жакшы отун,
Бооруңду кактап олтурсаң,
Балкып турат бүткөн бой,-
Ошондуктан атым кой.
Түгөлүмдөн түйшүккө
Бүт жаратып койгондой.
Саначы канча пайдам бар,
Башыңды чайка
ой, бой оой.
Ошондуктан атым кой.
9/ХI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пять + 16 =