БАЙТАЛ БЭЭНИН БАЛ КЫМЫЗ

Жайлоодогу биз ичкен,
Байтал бээнин бал кымыз.
Бир нерсени мен көрдүм,
Сиз байикабай калдыңыз.
Этке тоюп биз ичкен,
Байтал бээнин бал кымыз.
Майлыктары кир экен,
Сиз байкабай калдыңыз.
Коногуна мен калдым,-
Жумшак төшөк алдыбыз,
Шейшептери кир экен,
Сиз байкабай калдыңыз.
Кез малыңыз жок десем,
Элүү метр алдыңыз,
Бүгүн тийди жүз метр,-
Сиз кандайча жардысыз?
Минтпей таза болуңуз,
Жаңылантып салыңыз,
Тазалык – урмат, чоң, байлык,
Эсиңизге алыңыз.
9/ХI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

16 + 4 =